Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында депутат Жусупбек Коргонбай уулу министрди "коррупциялык схема түздү" деп айыптап чыккан. Министр айыптоолорду четке кагып, сотко кайрылганын билдирди.
Шаршембиде Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Магнитудасы 7,4кө жеткен зилзаладан расмий маалыматка караганда тогуз кишинин өмүрү кыйылды, 900дөн ашууну жабыркады. Бийлик бери дегенде 26 имарат урап калганын билдирди.
Орусияда борбор азиялык мигранттарга басым-кысым уланууда. “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин орус бийлиги эмгек мигранттарына көзөмөлдү күчөткөн. Орусияда райондук соттор жүздөгөн мигрантты күч менен чыгаруу чечимдерин кабыл алганын жергиликтүү басылмалар жазды.
Түркияда жекшембидеги муниципалдык шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы боюнча баш калаа Анкара, Стамбул, Измир, Анталия жана Бурса сыяктуу 14 ири шаарда оппозициячыл Элдик-республикалык партия 37% добушка ээ болуп, атаандаштарынан алдыда келе жатат.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жумушсуздардын саны кыскарып жатканын билдирди. Расмий эсепте ишсиздер калктын жумушка жарамдуу катмарынын 5% жакынын түзөт. Эл аралык изилдөөлөрдөгү көрсөткүч дээрлик эки эсе көп.
"Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин Москва миграциялык мыйзамдарын дагы катаалдатууну көздөп жатат. Орусиядагы кыргызстандыктар көчөдө, үйдө текшерүүлөр көбөйүп, борбор азиялыктарга мамиле өзгөргөнүн айтышууда. Кыргыз парламенти мигранттардын соңку абалына кайрылды.
Газада карапайым калкка азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери набыт болду. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары болгон. World Central Kitchen уюму чабуулду айыптап, аймактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.
Ошто жүк ташыган айдоочулар Өзбекстанга кирүү татаалдашканына нааразы. Кытайдан Кыргызстанга, Өзбекстанга каттаган айдоочулар 1-апрелден тарта Өзбекстанга кирүүдө атайын уруксат кагазы талап кылынарын айтып жатышат.
Газада Израилдин соккусунан World Central Kitchen гуманитардык уюмунун кызматкерлери каза болду. Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга кол койду. Кыргызстанда биринчи жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт.
Казакстанда суу каптаган аймактардан миңдеген киши көчүрүлдү. "Азаттыктын" казак кызматы селдин кесепеттерин жоюу боюнча штабдын маалыматына таянып, ушул тапта Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Шаардык сот “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып жаткан дагы үч журналистти абакта калтырды. Алар тергөө иштери жүрбөй жатканын, коюлган айыптарга макул эместигин айтышты.
Катар калкынын саны жагынан Кыргызстандан кеминде эки жарым эсе, аянты жагынан 17 эсе кичинекей өлкө. Перс булуңундагы бул мамлекет ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.
Дагы жүктөңүз