20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58
Күлкү кербени
Эки кочкордун башы бир казанда кайнабас, бирок эки батька чогулган учур бар
2010-жылдын 19-апрелинде Беларус ордо шаары Минскиде Лукашенка мырза бозгунга келген К.Бакиевди кабыл алганда чыгарылган азил.
- Биздин батькабыз чакчелекей түшүп эле конок тосуп калыптыр, бүгүн кечинде.
- И, эмне болуптур, себебин айтчы кошуна!
- Кыргыз батька бизге качып келиптир дейт.
- Аны ким кууп жибериптир?
- Кыргыз мамкасы да!
* * * * *
Баягы эле казак коррупциясы тууралуу тамаша баян.
Казак бийлиги жаңы ордо шаар Астанада чо-оң жана коо-оз имарат куруу үчүн эл аралык тендер жарыялайт.
Бир түрк ишкер тендерге катышканы келет.
- 3 миллион долларга сонун имарат куруп берем.
Бир фин келет.
- 6 миллион доллар берсеңер эле мыкты үй салып берем.
Бир “жаңы казак” ишкер келет.
- Болгону 9 миллион долларга үлкөн жане адеми имарат курам гой.
- Ой бай а-ау, сендер кызыксыңар гой. Түрк менен фин минтип жатса, асманды айтасың да! – дейт тендерди уюштуруучу министр тигини жактырбай.
- Ой агатай, оболу мени тыңдасаң. 9 миллиондун 3 миллионун дароо сизге санап берем гой.
- Анан?
- Анан 3 миллионду өзүм алам.
- Тигини, тигини! А берки үлкөн үйдү кантип курасың, анда?
- Жарасы жеңил. Түрк тууганга калган 3 миллионду берсек, жакшылап куруп берет да!
* * * * *
Дагы жүктөңүз