Бишкекте 9-ноябрда юмористтер кыргызча стендап кечесин уюштурду. Анда коомдогу көйгөйлөр, саясат, социалдык темадагы тамашалар айтылды. Стендап куудулдар юмордогу бул жанрды өнүктүргүсү келет.
Күлкү кербени
шейшемби 24 Декабрь 2024
Кыргыздын чыгаан акындарынын бири Эсенгул Ибраев курч сатиралык чыгармалары менен гана эмес, лирикалык жана жарандык ырлары менен да даңазаланган. Акындын 90 жылдык мааракесине арналган блог.
Тоо койнундагы айылдан кыргыз ааламына чыккан акын
Кыргыздын чыгаан акын жана сатириктеринин бири, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраев (16.3.1933 – 05.8.2005) көзү тирүү болсо, быйыл 90 жаштын чайын ичип, аксакал катары насаатын айтып, төрүбүздө отурмак.
Эсенгул агайыбыз 1933-жылы 16-мартта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Чет-Нура кыштагында туулган.
Ал 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) журналистика факультетин аяктаган.
1961–1987-жылдары ал жумурияттын калайыгына аттын кашкасындай таанылган көзгө басар сатиралык “Чалкан” журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп ар кыл кызматтарда ырааттуу иштеген.
Айтмакчы, орто мектептин жогорку классынын окуучусу кезимден (1974-жылдан) тартып дал ушул “Чалкан” журналына бир катар жанытма, юмордук жана сатиралык аңгемелер жарыялаган элем.
1974-жыл... Улан кездеги алгачкы сатиралык памфлетимди “Чалкан” журналына жөнөткөн элем (ал төө көзүндөй чыгармам деле тири шумдуктай: “Господин Пойинтон эмнеге ачууланды?” деп аталган; ал кезде “айымдар”, “мырзалар” сөздөрү азыркыдай колдонула элек болчу жана “таксыр” деп, же орусча “господин” деп жазыла берчү). Журнал редакциясынан Эсенгул Ибраев агай айылдагы орто мектептин башчысы Самүдүн Шайкыев агайга атайын телефон чалып, “чын эле ушундай ысымдагы окуучу бала барбы?” деп сураган экен. Ал кезде мен колхоздун койлорунун жүн кыркынында жайлоодо иштеп жүргөм.
“Ооба, бар! Кадырмамбет Чороевдин балдарынын бири.”
Бирок айылдагы айрым чоңдор алиги журналдын саны чыкканга чейин “чунак бала эмнелерди жазып жиберди болду экен!” деп чийки май жегендей санааркашса керек эле. Ал эми элеттик өспүрүм бала советтик окуучулук деңгээлине таянып, тээ мухиттин ары жагындагы өзү ойдон чыгарып алган америкалык капиталистке “тийиштик кылып памфлет” жазганын күзүндө журналдан окуган соң, айрым "чоңдор" жеңилдене үшкүргөн чыгаар?
Айтор, ошол алгачкы памфлетимди жарыялап, сатирачы катары тушоомду Эсенгул Ибраев жана Мукамбеткалый Турсуналиев агайлар кескен эле.
Кийин да Эсенгул Ибраев, Кеңеш Жусупов, Мукамбеткалый Турсуналиев, Садыр Сарыгулов, Жоомарт Абдыкалык уулу Чоробаев, Беганас Сартов, Жолон Мамытов, Асан Жакшылыков, Жалил Садыков, Акбар Рыскулов, Советбек Байгазиев, Бекташ Шамшиев сыяктуу агайларым, Сулуубек Токсобаева, Акыл Уйлубаева эжекелерим жана башка ага-эжелер чыгармачылык жаатында далай кеңеш беришкендигин миң мертебе ыраазычылык менен эскерип айткым келет.
Бир караганда сыртынан кыйла сүрдүү көрүнгөн менен Эсенгул агай жайык маңдайынан акыл төгүлүп, өзгөчө адамгерчиликтүү, өтө жаракөр инсан болчу.
Кийинчерээк мен илим жаатына көбүрөөк ооп кеттим, ал эми Эсенгул агайым жолуккан сайын “эмне нукту тандасаң да, өтөсүнө чыга көр” деп устаттык кеп-кеңештерин ар дайым айтып жүрдү.
Кылымдын башында Прагадан Бишкекке келип-кеткен учурумда агайымдын татынакай уюштурулган адабий кечесине да катышып калганым эсте.
Чыгаан акын 2005-жылы 5-августта 72 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү 8-августта Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүндө түбөлүк жайына берилген.
Жарандык үнү бүркүттөй шаңшыган акын
Тээ XIX кылымдын ортосунда Ички Теңир-Тоодон чыгып, жалпы кыргыз улутун ойготкон жана ынтымакка чакырган Арстанбек Буйлаш уулун ойчул (“заманачыл”) акындардын бараандуу өкүлү санашчу.
Ал эми совет доорунда, XX кылымдын экинчи жарымында, дүйнөлүк адабияттын, дүйнөлүк поэзиянын берметтерин өздөштүрүп, кыргыз коомун кайдыгер болбоого чакырып чыккан сап башындагы акындардын бири – Арстанбектин кичи мекенинен чыккан Эсенгул Ибраев агайыбыз болду.
Ал ташка тамга баскандай таамай сөздөрү жана ырларынын жогорку публицисттик пафосу аркылуу жалпы улуттук ынтымакты чыңдоого үндөп келди:
“…О-о, адамдар,
О-о, жарандар!
Баса көрбө
Устаранын мизи менен,
Баса көргүн,
“Кулаалы таптап куш кылган,
Курама жыйып журт кылган”,
Бабаң МАНАСтын
изи менен”.
Акын Эсенгул Ибраев 1989-жылы 23-сентябрда атайын мыйзам аркылуу кыргыз тили жападан-жалгыз мамлекеттик тил болуп калгандыгына чечекейи чеч боло сүйүндү.
Арийне, өз эне тилин чангандарга да күбө болуп, акын Эсенгул жаны ачып, аларды сындап, мындайча ыр саптары аркылуу маңкурт болбоого чакырып келди:
“…Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын
куйкалары
Курумшудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул –
МЕТРИКАСЫ
улуттун!
<...>
Бул чындыкты өз да,
Жат да угушсун,
ЭНЕ ТИЛИМ –
ЭНЕМ,
ЭЛИМ,
УЮТКУМ.
Тунук болсом –
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом –
Тилим менен улукмун,
УЛУТ БОЛСОМ –
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Анткени тил –
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
ПАСПОРТУ да,
МАНДАТЫ да,
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!”
(Эсенгул агайдын бул ырын Кыргызстандын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылы 21-сентябрда өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында толук жарыялаган).
Тасма. "Тилим менен улутмун". Эсенгул Ибраевдин ыр мурасы. Баткен театры. 30.9.2020.
Эсенгул агайдын эне тил тууралуу мындайча тынчсызданып жазган ырын айрымдар “эски доор үчүн гана маанилүү болчу” деши мүмкүн, бирок 2023-жылдын өзүндө, бул чыгаан акындын 90 жылдыгы белгиленип жаткан маалда, бир замандашыбыз Маскөөдөгү бир жыйында кыргыз тили үчүн камкордук кылып жаткан мекендештерин артта калган “крокодилге” салыштырып эликтеген окуя болду.
Демек, Эсенгул агайдын ырлары азыр да ургаалдуу бойдон кала берүүдө.
Ошол эле учурда:
“Уңгум дагы,
Уюткум да,
Уругум да,
Улутум да бир кыргыз!” – деп жар салган айдың Эсенгул агай бир катар чет өлкөлүк акын жана жазуучулардын чыгармаларын орус тилинен кыргызчага которуп жарыялагандыгы маалым.
Ал мысырдык акын, коомдук ишмер Абд ур-Рахман Абд ул-Малик ал-Хамиси Мурад (1920 — 1987) жазган “Махабат китеби” поэмалар жыйнагын, айтылуу казак композитору, жазуучусу, публицисти жана музыка таануучусу Илия Жакановдун (Ильяс Жаканов; Ілия Жақанов; 1936-жылы туулган) “Колуңду бер, сүйүктүүм” повестин, белгилүү орус акыны жана котормочусу Афанасий Феттин (1820–1892) “Коңгуроо” ырлар жыйнагын жана башка авторлордун чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырган.
Демек, ал дүйнөдөгү башка элдердин көркөм адабиятынын өрнөктөрүн да эне тилде сүйлөтүүгө салым кошуп, эл аралык адабияттагы баарлашууну жеке мээнети аркылуу да колдоого алган.
Жалын бүрккөн сатиралык мурасынан
Албетте, “Чалкан” журналында жарык көргөн айрым фельетондор социалисттик менчикти жогору коюп, жеке инсандык демилгелерге кыргыйдай тийгендиги ырас.
Бул өңүт эми постсоветтик доордогу менчиктин көп түрдүүлүгү камсыз кылынган кырдаалда таптакыр башкача таразаланууда.
Ошондой болсо да, тээ илгерки грек тамсилчиси Эзоптун (болжол менен б.з.ч. 620–564), сатирик Аристофандын (б.з.ч. 445 – 386), орто кылымдардагы Кожо Насирдиндин (Апендинин), кытай сатириги У Цзинцзынын (Ву Жинчжы; 1701–1754), орус тамсилчиси Иван Крыловдун (1769–1844), орус сатириги Михаил Салтыков-Щедриндин (1826–1889), америкалык сатирик Марк Твендин (1835–1910), британдык жана ирланддык драматург жана сатирик Бернард Шоунун (1856–1950), түрк сатириги Азиз Несиндин (1915–1995), ирандык сатирик Хосроу Шаханинин (1930 — 2002) жана башка тили мурч калемгерлердин чыгармалары азыркы күнү да окурмандарды маашырлантып, ойго салат.
Эсенгул Ибраев агайдын “Соттоп ийди” деген сатиралык ырын – азыркынын тамсилин эле алып көрөлүчү:
“Жапатырмак көтөрүп
Жазакерлер кош колду,
Бөрү баатыр сот болду.
“Тырмак алдым” деп койду,
Төөнү,
Бээни жеп койду.
Анан көргүн кызыкты,
Күнөөлөштү Мышыкты:
«Жыла басып таранып,
Күндө үч маал жаланып,
Сенин шектүү жериң көп».
Соттоп ийди өлгөн бир
Момолойду жедиң деп”.
Бул чыгарма дагы жемкорлукка белчесинен баткан жана адилетсиз сот аёосуз ашкереленген тамсил болуп саналат.
Албетте, азыркы жаштарга тамсилдеги “тырмак алды(м)” сөзүн кошумча түшүндүрүүгө туура келет. Мүнүшкөрлөр өздөрү таптаган кыраан куш өз мерчемине алган аңга куушурулуп жетип, тырмак салып, алгач анын этинен “ооз тийген” учурду “тырмак алды” дешчү экен.
Кийин кайсы бир жаш улан-кыз алгачкы студенттик стипендиянын же алгачкы маянанын үлүшүнөн алып, ата-энесине же башка жакынына белек кылса, анын алгачкы белегин каймана түрдө “тырмак алды” деп коюшчу.
Ал эми Эсенгул агайдын бул чыгармасында сот кызматына көтөрүлгөн жемкор бөрү өзүнөн да чоң төө менен бээни “булардын эти – менин “тырмак алдым”, деп мыйзмсыз жеп коюп жатпайбы!
Бирок сот бийлиги бар болгон соң, кимдир-бирөөнү соттоп да туруш керек эмеспи! Сотто деле план болсо керек да...
Күнөөкөрдү табуу деле оңой тура – ансыз да өлүп калган момолой чычкандын этин жеп салды деп кине коюшуп, бечара мышыкты сот жазасына тартып салып жатышпайбы!
Миллиондогон акча жеген көшөкөрлөр “кустурумуш этилип” кутулуп, ал эми тек гана “Алакушту атынан чакырып”, бийликтерге ачык сын айткандар ары дегенде жарандыгынан ажыратылып, же, бери дегенде, абакка салынып жаткан коом үчүн Эсенгул агайдын сатирасы азыр дагы өз кубатынан эч жана элек десек болот.
Эстутум
Эл бар экен, журт бар экен, акын Эсенгулдун 90 жылдык мааракеси эгемен Кыргызстандагы Нарын жергесинде коомчулук тарабынан белгиленип жатат.
Быйыл апрелде Нарын районундагы Эсенгул Ибраев атындагы китепканада “Китепстан – 2023” китеп фестивалына Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына карата “Куйкум сөздүн акыны – сатиранын асылы” деп аталган адабий музыкалык кече өткөрүлгөн. Кечеде маркум акындын лирикалык жана публицисттик ырлары менен сатиралык чыгармалары көркөм окулуп, акындын текстине жазылган обондуу ырлар аткарылган. Андан тышкары китеп көргөзмөсү уюштурулган.
Ал эми 21-сентябрда, бейшембиде, Нарында дагы бир мааракелик чара өткөрүлдү.
Акындар Абылкасым Жутакеевдин 140 жылдыгына жана Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган "Замандын залкарлары" аттуу бүгүнкү илимий тажрыйбалык жыйынды уюштуруучуларга – Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин жамааттарына алкыш айтабыз!
Бир ирет Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетине студенттер менен жолугушууга чакырып калышты. ЖЭБден түндүгүрөөктө жайгашкан бул университет Эсенгул Ибраев атындагы көчөдө жайгашканын көрүп, сүйүнгөнүмдү айтпаңыз!
Бул эл аралык жогорку окуу жайда Эсенгул Ибраев атындагы Журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы байсалдуу иштеп келет (азыр негедир бул университет “Махмуд Кашгари Барскани атындагы” деген “оор жүктөн” бошонуп, кайрадан тек гана Кыргыз-Кувейт университети деп аталып калганын кыстара кетели).
Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев көчөсүндө жайгашкан №4 орто мектеп азыркы тапта акын Эсенгул Ибраевдин ысымын сыймыктуу алып жүрөт.
Эсенгул Ибраев Кыргыз Республикасынын эл акыны (2001), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси (2006), ошондой эле Бишкек шаарынын, Нарын облусунун ардактуу атуулу, Ататүрк Маданий борбору менен Ататүрк Илим жана тарых боюнча Кеңешинин ардактуу академиги, НарынМУнун ардактуу профессору наамдарына ээ болгон.
Кыргыз эл жазуучусу, публицист Кеңеш Жусупов агабыз он жыл илгери (2013-жылы апрелде) “Азаттыктын” кабарчысы, журналист, театр режиссёру жана драматург Аманбек Дилденбай уулу Жапаров менен маегинде маркум Эсенгул Ибраевдин курч сатиралык калемине жогору баа берүү менен бирге, анын инсандык бейнеси жөнүндө дагы өтө таамай мүнөздөмө бергени эсте:
“Эсекем өмүр бою сынга салгандай, кушту таптагандай өзүн таптап кетти. Адамгерчилиги жагынан, адамдарга, чыгармачылыкка, ишке болгон мамилеси жагынан бул бир сырдуу, бир гана түз жолго басып кеткендей, ушундай эрки күчтүү болуп өзүн тарбиялап өттү. Анын ырлары да ички дүйнөсүнө жараша таза, адептүү болду”.
Кашкөй акын Эсенгул агайдын көөнөргүс мурасы төмөнкүдөй ыр саптарын дагы өзүнө камтыйт эмеспи:
“Бул жашоодо чындык бар да төгүн бар,
Жанган от бар, жана өчкөн көмүр бар,
“Өлдү – бүттү!” дегендерге кошулбайм,
Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар”.
Кандай керемет сөздөр! Бул ыр саптары – сөз бермети эмей эмне!
Залкар акын Аалы Токомбаевдин (Балканын) “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!” деген таасын сөзүн акын Эсенгул Ибраев андан ары тереңдетип, жалпы эле жаратман жана мээнеткечтер үчүн, анын ичинде өзү үчүн дагы көөнөргүс сыпаттама калтырып кетти.
Акын Эсенгул Ибраев агайыбыздын дүйнө салганынан бери быйыл 18 жылдын жүзү болду, бирок анын жаркын элеси жана терең мазмундуу, көөнөргүс адабий мурасы кыргыз элинин жүрөк толтосунда сакталып, кылымдар карытып жашай бермекчи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.