Чынын айтсак, бул анекдотко 2010-жылы ноябрда бери дегенде сегиз ай болду.
Сыналгыдан татынакай диктор айым жаңы берүүнү жарыялайт.
- Урматтуу көрүүчүлөр! Келээрки берүүнү жарыялоодон оболу көгүлтүр экрандын жанынан ага залал келтирчү оор нерселерди четке алып койууну сунуштайбыз.
Андан соң диктор сүйлөбөй тынып калды.
Бир саамдан соң берүүнү улантты:
- Урматтуу көрүүчүлөр! Эми кезектеги маектешибизди жарыялоого уруксат этиңиздер. Ал – мурдагы “Алга, Кыргызстан!” партиясынын таасирдүү мүчөсү, азыркы “Ак Жол” партиясынын лидеринин чачпагын көтөргөн биздин урматтуу мырзабыз... Баланчаев!
- Эскертээрим, Сиз чындыкты, кашкайган чындыкты гана айтышыңыз керек. Чындыктан башка эч нерсени кошпой айтышыңыз керек. Эми сот алдында эмне кебиңиз бар?
- Мындай чектөөдөн кийин айтаарга сөз деле калбай калат экен, урматтуу сот!
* * * * *
Динчи ким?
Динчи – бул түшүнөн өтө чочуп ойгонгон кудайсыз.
* * * * *
Жамандыкты азайтып жогот
Базарчы: - Акча деген – жамандык. Демек, жакшы тавар сатып алуу аркылуу анын көзүн тазалоо керек.