Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Күлкү кербени

Санжыра – санжырачылардын эле эмес, күлкүнүн да бутасы.

Кээ бир кыргыз “санжырачылары” дүйнө картасынан өздөрүнүн кайсы бир доорлордо көчүп кеткени жоромолдонгон бир туугандарынын өлкөсүн таба албай убара чегип келишет. Алардын айрым жоромолдорун окуп көрүңүздөр.

“Абайлаа-ап карасаң, Парагвай менен Уругвай – аты жылуу учураган өлкөлөр. Чын эле аларды, айрым кыргыз жазуучулар жазгандай, Ала-Тоодон качып, мүхиттин ары жагына кеткен Баракбай менен Урукбай негиздегендир?”

“Казак туугандар болсо Эквадор өлкөсүн Улуу жүздөн көчүп кеткен Эки баатыр негиздеген деп санашат экен. Ким билет, ким билет?”

“Жеки Чан кыргыздын көзкамандар уругунан чыккан. Ал бизге жүз ата өткөн алыс тууган болот дешет”.

“Атилланы кыргыз деп жазбай койгон ушул жармач тарыхчыларга таарынам. Ал деген өзүбүздүн Эдил баатыр да! Паспорту Урумда (Римде) алигиче сакталуу дешет.”

“Ленинди саяк деп да айтышкан, Сталинди Пржевальскийдин урпагы экен дешкен, Саддамды Пржевальскийдин небереси дешкен! Бул жоромолдорду төгүндөгөн деле эч тарыхчы жоктой”, - дейт жаңы санжырачы.


(Түшүндүрмө. “Көзкамандар” – айтылуу “Манас” дастанында тээ байыркы доорлордо Ыраакы Чыгышка чейин көчүп кетип, эне тилин унуткан жана чоочун элдерге жуурулушуп калган айрым кыргыз урпактарынын уруусунун аты. Тарыхта чынында да Түндүк Кытайдын Манжурия аймагына чейин көчүрүлгөн ички азиялык кыргыз топтору болгон).


* * * * *

ТЧ.

Кыргыз илимпоздорунун азилдерин жаза берсек, бир нече куржундук кеп болоор.


Оңой суроо

Бир күнү археология боюнча кезектеги дарсын аяктаган соң, ыраматылык доцент Бейше Урстанбеков Кыргыз улуттук университетинин биринчи курсунун студенттеринин бири Макени капысынан ордунан тургузуп, шаштырып сурап калды (бул анын “эл үнүн” өзү үчүн тактаган ыкмасы, студенттер үчүн – күлкү булагы болчу):

- Кана, дарсты кантип аңдаганыңды билеличи. “Кокусунан табылган табылгалар” деп эмнени айтабыз?

Аскерге барып, шыр жооп бергенге машыккан Маке:

- “Кокусунан табылган табылгалар” деп кокусунан табылган табылгаларды айтабыз! – деп бир дем менен “автоматын тытыратып” жооп берди.

Зал кыраан каткыга толду.

* * * * *

Карапа табылган

Бир күнү Байыркы Чыгыш тарыхынан дарс окуган Таабалды Мурзабеков агай КУУнун тарых факультетинин биринчи курсунун студентинен сурап калды:

- Кызым, айтчы, эмне үчүн Байыркы Индиядагы цивилизациялардын бирин “Хараппа цивилизациясы” деп атап калышкан?

- Агай, анткени ал жерде казуулар маалында карапалар көп чыккан.

* * * * *

Окуусу жеңил тура!

Бир ирет факультетке студент уулун издеп келип калган адабиятчы илимпоз Салижан Жигитовго тарыхчы окутуучулар тийишип калышты.

Декандын орун басары Таабалды Мурзабеков:

- И, Салижан агай, филологиядан оокат кылыш кыйын экен деп уулуңузду тарых факультетине тапшыр деп көндүрдүңүзбү?

- Жок, антпей эле. Тил илими татаал эмеспи. “Окуусу жеңил экен” деп ушу силердин факультетке тапшыртпадымбы, - деп Салижан агай шыр жооп узатты.

* * * * *

Пианино седебин ким басты?

Этнограф окумуштуу Айнагүлдүн үйүндө отурабыз. Жездеси Ош мамлекеттик университетинде музыка бөлүмүнө кирүү үчүн келген абитуриенттин жоругунан кеп салып отурду.

- Биз абитуриеттердин музыкалык угуу жөндөмүн текшеребиз да. Бир жолу кызык окуя болду. Адаттагыдай эле бөлмөгө сүзө кирген бир уланга пианинону көрсөттүк.
Тапшырма өтө олуттуу: абитуриент пианинодон чыккан доошту эстеп калышы керек да, окутуучу баскан седептерди жаземдебей таап басып бериши керек.

- Берилчү тапшырманы билесиң да? Азыр ары карап турасың. Анан бул агайың экөөбүздүн бирибиз пианинонун клавишаларын басабыз. Андан соң таап бересиң. Түшүнүктүүбү?

- Ооба.

- Анда ары карап тура гой.

Бирибиз пианинонун седептерин бастык.

- Эми тапшырманы аткар.

Абитуриент улан бери бурулуп, шектүү көзү менен бирде мени, бирде кесиптешимди карап, кабагын бүркөп ойлоно калды да, анан “болду, болбоду!” дегендей чечкиндүүлүк менен кесиптешимди сөөмөйү менен көрсөттү:

- Сиз бастыңыз!

* * * * *

Көрүнбөй жатпайбы!

“Женпеддин” (азыркы И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин, мурдагы кыз-келиндер пединститутунун) эски азилдеринен бир шиңгил.

Бир үнү чыйылдаган бою пакене агай дарс окуп жатат дейт.

Бир убакта караса, тээ алыскы катардагы партада отурган бир студент кыз улам ойдолоктойт имиш.

- Кызым, сага эмне, угулбай жатабы? – деп чыйылдаптыр агайы.

- Жо-ок, көрүнбөй атасыз, - дептир тиги чунак кыз.

* * * * *
ТЧ.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG