2001-жылы 11-сентябрда террористтер төрт учакты айдап качып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан Эгиз мунараны, Вашингтондун жанындагы Пентагонду сүзүп, бир учак Пенсильванияда талаада кыйраган. Кандуу чабуулда 3000дей кишинин өмүрү кыйылып, АКШ тарыхындагы эң ири теракт болгон.
“Экстремизмге” такалган талаштуу мыйзамдарды бузганы үчүн соттолгон казакстандык активисттердин түрмөдөн кийинки жашоосу да кыйын. Алар “кара тизмеде" болгону үчүн бир катар чектөөлөргө кабылат. Human Rights Watch уюму казак өкмөтүн “башаламан” чектөөлөрдү жоюуга чакырды.
Косовонун Раховец аймагында жүз жылдар бою жүзүм өстүрүлүп келет. Бирок багбандар мындан пайда табуу оор экенин, башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу үчүн мамлекеттин колдоосу керектигин айтышууда.
Пакистандын 240 миллиондон ашуун калкынын 62% кат-сабаты жоюлган. Өлкөдө кыз-келиндер окуудан көп өксүйт. Биби Рафия 24 жылдан бери кыздарга билим берет. Ал эски тамда, беш класстын кыздарын бир бөлмөгө чогултуп алып, сабак өтөт.
АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.
Болгарияда “Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жигердүү сүрөп келатат. Ошол эле маалда партиянын айрым жогорку мүчөлөрү башка өлкөлөрдөн грант алып келгени белгилүү.
2023-2024-жылдары өзбекстандык "Бек Брокер" логистикалык компаниясы Орусияга 200дөн ашык, баасы миллиондогон долларлык коллекцияларды, анын ичинен Сальвадор Далинин, Анри Матисстин сүрөттөрүн, Рембрандт Бугатти жана Фернандо Ботеронун айкелдерин жашыруун ташууга жардам берген.
Бавариянын ички иштер министрлиги исламчыл экстремизм менен күрөшүү максатында тартылып, бирок мусулмандар жөнүндө одоно расисттик стереотиптерди жайылтууга жана исламофобдук маанай жаратууга айыпталган видеону өчүрдү.
АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны - 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Монголиядагы мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Монголия Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болсо да 2-сентябрдын кечинде Улан-Баторго келген орус лидерин камакка алган жок. "Азаттык" анын себептерин талдап көрдү.
2024-жылдын башында Владимир Путин Орусияга жарандардын "ден соолугун коргоочу жаңы технологияларды иштеп чыгууга" багытталган улуттук долбоор керек экенин айткан. Программалардын бири орус бийлигин көптөн бери түйшөлтүп келаткан маселе же "калктын улгайышына каршы күрөш" деп белгиленген.
Өткөн айда венгр бийлиги украиналык качкындарды турак жай менен камсыздоону кыскартты. Мындан улам көчөдө калган качкындардын саны улам көбөйгөнү кабарланды. Алардын бири Ева Папп дээрлик бир жумадан бери алты баласы менен Будапешттин темир жол бекеттеринде баш калкалоого мажбур.
Дагы жүктөңүз