Павел Подвиг - Улуттар Уюмунун Куралсыздануу маселелери боюнча институтунун (United Nations Institute for Disarmament Research - UNIDIR) улук кызматкери. Орусиянын өзөктүк куралы боюнча алдыңкы адиси мындай аппат жакындап келатканы тууралуу эч бир белги жоктугун айтып, бирок ошол эле маалда эгерде Европа ядролук чабуулга кабылса жашоону кандай караңгылык каптарын түшүндүрүп берди.
"Эгер [Орусиянын] ракеталар жапырт же бир нечеси атылса, анын баары асманда жок кылынат деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал дээрлик мүмкүн да эмес", - дейт адис.
НАТОнун ички эсептөөлөрү болжолдогондой, Орусия тараптан толук масштабдуу чабуул болсо аскердик блоктун "5% жетпеген" абадан коргонууга зарыл каражаты бар.
Орусияда 500дөн ашуун ракетага 1700гө чукул өзөктүк дүрмөт орнотулган деген маалымат бар. Аларды бир нече мүнөттүн ичинде жер алдынан, атайын орнотулган мобилдик техникадан, суу алдындагы кайыктардан жана учактардан атса болот. Ракеталар Кошмо Штаттарды бутага алышы мүмкүн, бирок көбү Европага багытталган.
Непадам атылган ракетаны эч ким токтото албаса, өзөктүк чабуулда карапайым кишилер эмне кылат?
Европанын айрым борбор калаалары "Кансыз согуштан" калган өзөктүк башкалка жайларды акырындап оңдоп-түзөп жатканы байкалат. Киевде жакында эле ядролук башкалка кайра ачылып, пайдаланууга даяр турат.
Прагада "Кансыз согуш" маалынан бери сакталган башкалка жайларга 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин кызыгуу күчөдү. Ал жайлар "социализм кулагандан кийин дагы жарактуу жана зарылчылык жаралса даярдыкка келтирсе болот", - деди "Азаттык" радиосуна Прага-2 районунун жергиликтүү бийлигинин кризис-менежери Ян Майкес.
Чех Республикасынын өрттөн коргоо кызматынын өкүлү 2023-жылдан тарта атайын кызмат "башкалка жайлардын системасына жана андай жайларга коюлган талапты жаңылап" жатканын айтып, бирок чоо-жайына токтолгон жок.
Германиянын Бонн шаарынан алыс эмес Ар өрөөнүндөгү мурдагы ядролук башкалкалка жайдын, учурдагы музейдин директору Хайке Холлундер ал жерди көрүүгө келгендер кескин көбөйгөнүн белгиледи.
"Украинадагы согуштан улам айрыкча жаштардын кызыгуусу күчөдү", - деди ал "Азаттык" радиосуна. "Башкалканы дагы деле колдонсо болобу? Берлинде өкмөт үчүн атайын жай барбы? Ушул суроолорду көп беришет", - дейт музейдин директору.
Бирок мындай кескин коргонуу чараларынан майнап чыкпай да калышы мүмкүн. Подвиг белгилегендей, ядролук сокку урулса коргонуу жайларына кирүүгө кишинин чама-чаркы да жетпей калышы ыктымал. Адистин эсебинде ракета атылгандан Борбордук Европадагы бутага чейин "10 мүнөттөй гана убакыт кетет".
Кошмо Штаттарда ракета атылары менен ошол замат байкаган спутниктердинин түйүнү бар. Тилекке каршы, алардын Орусияга жакын турган өлкөлөргө пайдасы деле тийбеши ыктымал.
"АКШнын алдын ала эскертүү системасы - спутниктери сыяктуу баары бар. Бирок ал маалымат Европадагы АКШнын өнөктөштөрүнө тез арада жетеби, деги эле андай маалымат берилеби, менин күмөнүм бар", - дейт Подвиг.
Заманбап курал шаарларды эмне кылып саларын элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Орусиянын бир эле «Тополь-М» ракетасы бир чакырымга чейин от чачып, эмне болсо баарын мойсоп кетет. Жети чакырым радиуста жалын каптап, соккунун толкунуна туруштук бере албай имараттар урандыга айланат. Ага удаа жарылуу болгон жерди радиация каптап, сууну, абаны булгайт.
Британиядагы аскердик тарыхчы Бэзил Лиддел Харт 1955-жылы НАТО өткөргөн Советтер Союзу менен өзөктүк согуштун толук кандуу сценарийин камтыган оюнга күбө болгон. НАТО анда "утуп чыкканы" менен дүйнөнүн батышын ойдон чыгарылган чаң каптаганда баары тегиз урандыга айланган. Кийин Харт мындай тажрыйбаны "өтө кооптуу" деп сыпаттаган.
Ал андай жеңиштин "эч кандай мааниси жок" деп жазган.
Советтик лидер Никита Хрущевдун ядролук массалык согуштан кийин "тирүү калгандар маркумдарга суктанат" деген сөзүн айтып жүрүшөт.
Улуттар Уюмунун адиси Подвиг өзөктүк сценарийлерин ачууда өтө кылдат. "Мен ал эмне экенин ойлогум да келбейт, анткени айрым сценарийлер апаатка алып барарын билем", - дейт адис.
"Кансыз согуш" маалындагыдай эле азыркы коргонуу чаралары каршы тараптын ракетасын жок кылууга негизделген. Батыштын корунда жүздөгөн ядролук ракетасы жана жооп чара катары кайра кантип сокку уруунун талаштуу саясаты бар.
Кошмо Штаттарда кандайдыр бир ракета учуп келатканы байкалган маалда аны өлкөнүн аймагына жеткирбей туруп, жооп катары сокку урганга жол берилет. Мындай саясат АКШнын өзөктүк куралын ошо жерде жок кылуунун алдын алганы менен кенедей бир ката кетирүү ыктымалдыгын жокко чыгарат.
Орусия менен Батыштын ортосунда улам күчөп бараткан чыңалууга карабай, Подвиг өзөктүк апокалипсисти четке кагат.
"Ал чындап ишке ашардан мурун эскалация тереңдегинине күбө болобуз", - дейт ал.
Подвиг баамдагандай, кайым-айтышуу менен катар "кайсы бир курал-жаракты ары-бери жылдыруу сыяктуу нерселерди көрөбүз".
Адис андан "адаттан тыш нерсе деле көрбөйт".