Учурда Грузияда эки президент - "Грузин кыялы" партиясынын мүчөсү, мурунку футболчу Михаил Кавелашвилини 14-декабрда парламенттеги «шайлоочулар коллегиясы» тандады. Ал эми кызматтагы президент, дасыккан саясатчы Саломе Зурабишвили жаңы парламенттик шайлоо өтмөйүнчө бийликтен кетпей турганын айтты.
Сирияны чейрек кылымга жакын башкарган Башар Асаддын өкмөтүн кулаткан куралдуу топтордун арасында Борбор Азия жана Балкан өлкөлөрүнөн барган чет элдиктер да бар. Алар кимдер?
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин бийлиги орус армиясынын жапырт чабуулуна өлкөнүн энергообъектилери дуушар болгонун билдирди.
Сирияны 50 жылдан ашуун башкарган Асад үй-бүлөсүнүн режими кулады. Башар Асад өзү Москвадан башпаанек алды. Эки жуманын ичинде чагылгандай чабуул коюп, баш калаа Дамаскка көзөмөлүн орноткондор ким? Алардын катарында борбор азиялыктар да барбы? Эми Сириянын тагдыры кандай болот?
Сирияда исламчыл согушкерлер башында турган козголоңчулар башкалаа Дамаскты алганын жарыялашты. Буга чейин алар Хомс шаарын ээлеген. Сириянын президенти Башар Асад Дамасктан чыгып кеткени кабарланды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду. Башар Асаддын бийлиги кулатылып, баш калаа Дамаск радикал топтордун карамагына өткөндөн кийин жабык жыйынга чогулууну Орусия сунуштады. Асад өзү үй-бүлөсү менен Москвага качканы белгилүү болду.
Сирияда Башар Асаддын бийлигинин кулашы анын негизги өнөктөшү болгон Орусияга кандай таасир этет? Асад өзүнүн аскердик күч-кубатын бекемдөөдө негизинен Тегеранга жана Москвага таянганы белгилүү. Бирок Иран да, Орусия да азыр өз көйгөйлөрү менен алек болуп жаткан чагы.
Түштүк Кореяда саясий кризис уланууда. Эми президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетүүсүн анын өзүнүн партиясы да талап кылды. Бийликтеги Элдик партиянын лидери Хан Дон Хундун айтымында, президенттин кызматта калуусу демократия үчүн коркунуч жаратат.
Түштүк Кореяда оппозиция президентке импичмент жарыялоого чакырды. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн. 3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган.
Сирияда акыркы төрт жылда дээрлик унутулган жарандык согуш кайрадан күчөдү. Өткөн аптада козголоңчулардын коалициясы Алеппону басып алган. Бул макалада Орусиянын ролу кандай жана Сирия жаңжалындагы козголоңчулар кимдер экенин түшүндүрөбүз.
Дагы жүктөңүз