Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Сирияда согушка катышкан борбор азиялыктар


Сирияда "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун жоочулары президент Башар Асаддын сүрөтүн өрттөп жатышат.
Сирияда "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун жоочулары президент Башар Асаддын сүрөтүн өрттөп жатышат.

Сирияны чейрек кылымга жакын башкарган Башар Асаддын өкмөтүн кулаткан куралдуу топтордун арасында Борбор Азия жана Балкан өлкөлөрүнөн барган чет элдиктер да бар. Алар кимдер?

Социалдык тармактарда тараган видеолордо, ушул айда Сирияда бийликти кулаткан "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун катарында борбор азиялыктар согушуп жүргөнүн көрүүгө болот. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу видео Сириянын аймагында тартылганын аныктады.

Согушуп жүргөн чет элдиктер "Хайят Тахрир аш-Шамдын" жана анын карамагындагы куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгү гана. Алардын жалпы саны он миңге жакын экени айтылып жүрөт. Бирок учурда Сирияда жүргөн, мурда ар кандай кандуу калабаларга аралашкан, радикализмге сугарылган чет элдик согушкерлер Сириядагы стабилдүүлүккө гана эмес, өз өлкөсүнүн коопсуздугуна да коркунуч туудурган күч катары каралууда.

"АКШнын көз карашы менен караганда, бул эң чоң көйгөйлөрдүн бири, анткени алар Сириянын түпкү эли эмес", - деди Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институтунун илимий кызматкери Аарон Зелин. "АКШ "Хайят Тахрир аш-Шамдын" катарындагы сириялыктарга (чет элдик согушкерлерге салыштырмалуу) көп деле тынчсызданбайт".

АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү "Хайят Тахрир аш-Шамды" террордук уюм деп тааныган. Ал буга чейин "Аль-Каида" террордук тобу менен байланышта болгон.

Суннилердин ашынган исламчыл тобу Сирияда Асаддын өкмөтүн кулаткандан кийин толеранттуу жана ачык коом түзүүнү убада кылган, бирок бул топ адам укуктарын бузуп, башка террордук топтор менен байланыш түзүшү мүмкүн деген кооптонуу күч.

Чоң маселе

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу кайсыл жерде тартылганын тактаган тасмалардын биринде Сириянын экинчи чоң шаары Алепподон 30 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Дейр-Семаан шаарындагы христиандардын диний имаратынын жанында да аскердик кийимчен ондогон жоочуларды көрүүгө болот.

Видеодо тажик тилинде сүйлөгөн киши алардын тобу "каапырлардын" жерин басып алганын айтат. Бул видео 3-декабрда тартылган.

Тажикче сүйлөгөн кишинин кайсы топтун катарында согушуп жүргөнү белгисиз. Алсак Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан баргандар- "Хайят Тахрир аш-Шам" менен байланышы бар делген "Катибат аль-Имам Бухари" жана "Катибат Гураба аль-Түркстан" уюмдары сыяктуу бир нече чакан топтордун катарында согушат.

"Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосу менен байланышкан, атын атагысы келбеген Тажикстандын атайын кызматынын өкүлү расмий Дүйшөмбү Сирияда тартылган тажиктердин видеолоруна "өтө тынчсызданып", аларды "убакыт бомбасына" салыштырып жатканын билдирди.

"Мындай тасмалар бул адамдар кайсыл бир күнү Тажикстанга кайтып келип, бул жерде чоң маселе жаратышы мүмкүн экенин дагы бир жолу эскертти", - деди атайын кызматтын өкүлү.

Сирияда жүргөн 400дөй тажиктин арасында бир туугандар Анвар жана Мухаммаджон Исомидиновдор да болушу мүмкүн. Жашы 30дан ашкан бул эки жигит Тажикстандын түндүгүндөгү Чордо айылында туулуп-өскөн. Болжол менен 2014-жылы Сирияга кетишкен.

Ага-ини Исомидиновдордун тууганы (жеке коопсуздук үчүн атын атабоону суранган) алардан бир нече жылдан бери кабар жоктугун айтат.

"Акыркы жолу туугандар Анвар жана Мухаммеджон менен сүйлөшкөндө, аларга үйлөрүнө кайтууну өтүнүшкөн. Алар дароо телефонду коюп салышкан, ошондон бери чала элек", - деди ал.

Өзүңдү өзүң өлтүргөнгө тете

"Азаттыктын" колуна тийген дагы бир видеодо Алеппо шаарындагы чептин алдында турган киши албан тилинде сүйлөйт. Бул видео 30-ноябрда "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобу Сириянын түндүк-батышындагы бул чоң шаарды басып алган учурда тартылган.

Видеодо белгисиз адам согушкерлер Сириядагы "зомбулукту токтотуу" үчүн күрөшүп жатканын айтып, Асаддын ырайымсыз бийлигине шилтеме жасап, Алеппонун алынышын "улуу жеңиш" деп атаган.

Анын кийимдеринде "Хайят Тахрир аш-Шамдын" курамына кирген Xhemati Alban тобунун Albanian Tactical бөлүгүнүн белгиси тагылган. Бул бөлүк негизинен Албания, Косово жана Түндүк Македониядан чыккан этностук албандардан турат.

"Бул жакшы уюшулган исламчыл жихадчылар тобу "Хайят Тахрир аш-Шамдын" "көлөкөсүндө" иш алып барат", - деп түшүндүрдү Вашингтондо турган коопсуздук жана радикалдашуу боюнча эксперт Адриан Штуни. "Albanian Tactical белгилүү бир аскердик чеберчиликке артыкчылык берет, көзгө атарларлы даярдайт, жардыруучу жабдыктарга басым жасайт, ошондой эле башка согушкерлерди окутат. Бул аталган бөлүктүн согуштун жөн гана катышуучусунан, "Хайят Тахрир аш-Шамдын" ичиндеги стратегиялык күчкө айланганын көрсөтүп турат".

"Хайят Тахрир аш-Шам" куралдуу тобунун мүчөлөрү Алеппо провинциясында жүрөт. Сирия, 29-ноябрь, 2024-жыл.
"Хайят Тахрир аш-Шам" куралдуу тобунун мүчөлөрү Алеппо провинциясында жүрөт. Сирия, 29-ноябрь, 2024-жыл.

2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан бери жүздөгөн албандар ошол жерге барып, "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобуна жана "Аль-Каиданын" Сириядагы бөлүгү "Жабхат ан-Нусра" террористтик уюмуна кошулуп кетишкен. Кийинчерээк "Жабхат ан-Нусра" атын "Хайят Тахрир аш-Шам" деп өзгөрткөн.

Ошол жылдары Түндүк Македониядан Жакынкы Чыгышка баргандардын арасында албан улутундагы жигит болгон. Ал 2020-жылга чейин Сирияда согушуп, андан соң Европага кайтып келген.

"Ал кезде мен жаш болчумун. Интернеттеги видеолорго алданып калдык. Биз алгач Түркиядагы адамдар менен байланышып, анан Сирияга кеткенбиз", - дейт азыр бойго жеткен жигит (коопсуздугу үчүн атын атабоону өтүндү).

Ал катарында согушкан радикал топтун аталышын айткан жок.

"Бул өзүңдү өзүң өлтүргөн менен бирдей эле. Эптеп качып качып кутулдук. Эми мен мунун баарын унутуп, кадимкидей жашагым келет", — деди албан жигит.

Түндүк Македониянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн кеминде төрт жараны Сирияда жана коңшу Иракта куралдуу топтордун катарында согушуп жүргөнүн кабарлады.

Ал эми Албаниянын өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учурда анын 30га жакын жараны Сирияда согушуп жүрөт.

Ева Думанинини 2013-жылы сегиз жашында атасы Сирияга алып кеткен. Атасы ал жакта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулган. Учурда 19 жашка толгон Еванын кайда экени белгисиз. ИМ мүчөлөрүнүн жесирлери жана балдары жайгашкан лагерлер негизинен аталган топтун атаандаштарынын көзөмөлүндө болот.

Еванын аталаш бир тууганы Жетан Ндреджони чет жердеги карындашы менен кээде сүйлөшүп турганын айтат. "Бирок ал кайда экенин, абалы кандай экенин айтууну каалабайт", - дейт ал.

"Ал бир сүйлөм жазып, кийинкисин бир нече сааттан кийин жазышы мүмкүн. Мен Сирияга барып, аны кайра алып келүүгө бир нече жолу аракет кылдым, бирок ал кысым көрүп жүрөбү, ал жактан кеткиси келеби, ал жакта жүрүп радикалдашып кеттиби же жокпу, билбейм", - дейт Албаниядан байланышка чыккан Ндреджони.

Европадан Сирияга жер которгон дагы бир киши - Босния жана Герцеговинанын 35 жаштагы жараны.

Ал 2013-жылдан бери Сирияда жашайт жана бул өлкөдө "туруктуу жашайт" делген ондогон босниялыктардын бири.

Анонимдүү сүйлөшүүгө макул болгон жигит өзүн "мурда хиппи болчумун" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, суниттик исламдагы ашынган консервативдик кыймыл болгон салафизмди кабыл алгандан кийин, Асаддын режими менен согушуу жана "Сирия элин эркиндикке чыгарууга" көмөктөшүү максатында Сирияга көчүп кеткен.

"Мен бир нече топтун катарында болдум. Мен үчүн бул жеңил болду деп ойлойм, анткени мен согуш тууралуу эч нерсе билчү эмесмин", - дейт ал.

Босниялык жигит 2018-жылы согушка катышуудан баш тартып, жергиликтүү аялга үйлөнгөн. Ал учурда Сириянын түндүк-батышындагы "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмунун тиреги болгон Идлиб провинциясында жашайт.

Сириядагы куралдуу топторго кошулган европалыктардын көбү Жакынкы Чыгышка алданып, азгырылып барган. интернеттеги видеолор аларда радикалдык көз караштардын пайда болушуна салым кошкон. Алардын айрымдары диний ишеним жана жихад (ыйык согуш) идеясына аралашса, кээ бирлери радикал топтор сунуштаган акчага кызыгып барган.

Макаланын авторлору Фарзон Мухаммади, Дорунтина Балиу, Мелиха Кесмер, Фарангис Нажибулла жана Фруд Бежан.

Материалды даярдоого "Азаттыктын" тажик жана балкан кызматтарынын кабарчылары салым кошушкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG