Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

"Үй-бүлөсү менен Москвада". Бийликтен кулатылган Асаддын дайыны Орусиядан чыкты


Cириялык кыздар президент Башар Асаддын сынык портретин сүрөткө тартып алууда, 8-декабрь, 2024-жыл
Cириялык кыздар президент Башар Асаддын сынык портретин сүрөткө тартып алууда, 8-декабрь, 2024-жыл

Сирияда Башар Асаддын бийлигинин кулашы анын негизги өнөктөшү болгон Орусияга кандай таасир этет? Асад өзүнүн аскердик күч-кубатын бекемдөөдө негизинен Тегеранга жана Москвага таянганы белгилүү. Бирок Иран да, Орусия да азыр өз көйгөйлөрү менен алек болуп жаткан чагы.

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад Орусиядан башпаанек алганы, азыр Москвада экени кабарланды. Бул тууралуу 8-декабрдын кечинде орусиялык ТАСС агенттиги жана башка мамлекеттик маалымат каражаттары Кремлдеги булакка таянып кабарлады.

"Асад бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келди. Орусия гуманитардык негизде аларга башкалка берди", - деп билдирген ал.

"Свобода" радиосу жазгандай, ТАСС агенттигинин маалыматында ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу азырынча расмий билдире элек Асад "мурдагы президент" деп берилген.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Башар Асад Дамаскиден чыгып кеткенин, Москва анын кайда экенинен кабары жоктугун кабарлаган.

Асад сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетүүнү чечип, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү үчүн көрсөтмөлөрдү берип, кызматынан кеткенин билдирген.

"Орусия бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок", - деп маалымдаган.

Мунун алдында өкмөттүк армияга каршы күрөшүп жаткан күчтөрдүн башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Алар мамлекеттик телеканалдан жана радиодон элге кайрылып, козголоңчуларды жана жарандарды мамлекеттин менчигин сактоого чакырышкан.

Ошентип Башар Асад кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Асад режиминин кулашы, Москванын дымагы

Орусияда Владимир Путин чейрек кылым мурда бийликтин тизгинин колго алганда Москванын дүйнөлүк держава статусун калыбына келтирүүгө киришкен. 15 жылдан кийин Орусия эл аралык аренада аны менен эсептеше турган күч катары кайтып келгенинин далили катары Сириядагы жарандык согушка аскерий кийлигишүүсүн жарыялады.

Москва бүтүндөй Жакынкы Чыгышты Батышка каршы өз таасирин кеңейтүү үчүн колдонууга аракет көрдү. Эми Москванын негизги өнөктөшү болгон президент Асаддын өкмөтүнүн кулашы Орусиянын улуу державалык амбицияларына олуттуу сокку урганы айдан-ачык болуп калды.

Сириянын президенти Башар Асад менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин портреттери, 15-август, 2018-жыл, Сирия.
Сириянын президенти Башар Асад менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин портреттери, 15-август, 2018-жыл, Сирия.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Филип Смит соңку кырдаалдагы Орусиянын абалын мындайча түшүндүрдү:

"Путиндин Сириядагы аскердик колдоосунун негизги максаты Орусияны улуу держава катары дүйнөгө таанытуу болгон. Сирияны жоготуу Путинди жаакка чапкандай болду", - деди эксперт.

Асаддын бийлигинин кулашы Орусиянын аброюна гана эмес, ага стратегиялык жактан да чоң сокку болот. Сирияда Орусиянын эки чоң аскерий объектиси жайгашкан. Алар - Хмеймимдеги аба базасы жана Тартустагы деңиз базасы. Деңиз базасы аркылуу Москва Жер Ортолук деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алган.

"Орусия Сириядагы базаларын Жер Ортолук деңизи, бүткүл Жакынкы Чыгышка да өз күчүн көрсөтүү үчүн пайдаланды", - деп кошумчалады Смит.

2015-жылы Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн жардамы менен сириялык армия козголоңчулар ээлеген аймактарды кайра кайтарып алган. Москванын Сирия менен өнөктөштүгү Орусия Украинанын Крым жарым аралына басып кирип, жикчил күчтөрдү колдогондон бир жылдан кийин башталган.

Москва Сириядагы жана Украинадагы жаңжалдарга кийлигишип, өзүн АКШга, НАТОго жана бүтүндөй Батышка чакырык таштоого жөндөмдүү күч катары көрсөтүү менен бирге Жер Ортолук деңизинен Африка жана Латын Америкасына чейин глобалдык таасирин кеңейтүү аракетин көргөн.

Эксперттердин айтымында, Орусиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдагы басып кирүүсүнөн кийин Сирия Москвага керек болгону менен эки фронтто аскердик аракеттерди көрүү кыйынга турган.

Эми Асаддын өкмөтү кулагандан кийин Сириядагы аскердик потенциалы азайышы күтүлүүдө. Орусия буга чейин Украина басып алган Курск аймагын кайтарып алуу үчүн контрчабуулга чоң каражат жумшап, атүгүл Түндүк Кореянын аскерлеринин жардамына муктаж болгон. Ошол эле учурда Украинанын чыгышында мүмкүн болушунча көбүрөөк аймакты басып алууга аракет кылууда.

Соңку кырдаалда Сириянын батышында, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги орус аскердик объектилерин АКШ террордук уюм деп тааныган Хаят Тахрир аш-Шам жана анын союздаштары жетектеген согушкерлер басып алышы мүмкүн.

Вашингтон институтунун улук илимий кызматкери Аарон Зелиндин айтымында, Орусия Сириядагы активдерин коргоп калуу үчүн жетиштүү күчкө ээ эмес.

"Орусия азыр чоң согушка туш болгонун эстен чыгарбоо керек", - деди Зелин.

Ал Тартус деңиз базасы Орусия үчүн өтө чоң жоготуу болорун кошумчалады.

"Бул Орусиянын деңиздеги иш-аракеттери үчүн маанилүү жалгыз порт. Орусия андан кол жууй турган болсо, Жакынкы Чыгыштагы өзөгүнөн ажырайт".

Асад менен Путин июлда Москвада жолугушкан.
Асад менен Путин июлда Москвада жолугушкан.

8-декабрда "Хаят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун жана анын союздаштары жетектеген согушкерлердин колуна өткөн Дамаскиге жардам берүү үчүн Москва аскерлерин жиберген жок. Ноябрдын аягында козголоңчулар Асаддын күчтөрүнө каршы чабуул баштагандан бери Орусия абадан сокку урган. Бирок Москванын кийлигишүүсү козголоңчулардын чагылгандай тез чабуулдарын жана алдыга жылышын токтото алган жок.

Эксперттердин айтымында, Сириядагы азыркы абалдын Орусия үчүн баасы жогору болот.

Германиянын Эл аралык жана коопсуздук маселелери боюнча институтунун изилдөөчүсү Хамидреза Азизи Асаддын бийлигинин кулашы “чет өлкөдө аскердик жана саясий таасирин сактап калуу жагынан Орусиянын дүйнөлүк держава болуп калуу аракетине катуу сокку болду” деди.

"Латын Америкасы жана Африка сыяктуу оюнчулар да өз байланыштарын жана Орусияга болгон көз карандылыгын кайра карап чыга баштайт", - деп кошумчалады Хамидреза Азизи.

"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындап келди.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.

АКШ, Британия, Канада, Евробиримдик жана Орусия “Хайят Тахрир аш-Шамды” террордук топтордун катарына кошкон.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Макаланын авторлору: Майкл Сколлон , Фруд Бежан
Которгон: Айгерим Акылбекова

Шерине

XS
SM
MD
LG