Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Газадагы каардуу согушка бир жыл: Үрөй учурган сандар


Рафах шаарындагы качкындар лагериндеги палестин бала, 2024-жылдын март айы
Рафах шаарындагы качкындар лагериндеги палестин бала, 2024-жылдын март айы

Бир жыл мурун Израил Газа тилкесинин соңку тарыхындагы эң бир каардуу, кыйратуучу согушту баштаган.

Ага АКШда жана Евробиримдикте террористтик топ деп таанылган ХАМАСтын согушкерлеринин тынч жаткан жөөт шаар-кыштактарына капысынан жасаган кандуу кол салуусу түрткү болгон.

Израилдин ХАМАСты талкалоо максаты дүйнөдө эл эң жыш жашаган палестин анклавынын карапайым калкынын канын төгүп, жарандык жайларын кыйратты.

Өлүм-житим

7-октябрда ХАМАС алдын ала көп багытта пландалган, бир нече саатка созулган кол салууну Газа тилкесинен ишке ашырган. Израил 1139 киши набыт болгонун, алардын ичинде 685 өз жараны жана 71 чет элдик бардыгын билдирген.

ХАМАСтын согушкерлери 251 израилдикти барымтага алган. Алардын дээрлик жарымы бошотулган, башкаларын хамасчылар коё берген. Бирок 100дөн ашуун туткун дагы деле Газа тилкесинде барымтада отурса, калганы тирүүлөрдүн катарында жок деп саналат. Алардын айрымдары жөөт армиясынын соккусунда кокусунан набыт болгон.

Израил Газа тилкесинде жердеги согуш операцияларында 346 аскери курман болгонун билдирген. Израил армиясы анклавда адегенде аба соккуларын баштап, бир нече аптадан кийин жердеги операциясына киришкен.

Былтыркы 7-октябрдан бери 41 миңден ашуун палестин кандуу кармаштын курмандыгына айланганын ХАМАС башкарган Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Согушта набыт болгондордун көбү карапайым палестиндер, алардын ичинен өмүрү кыйылган балдар көп экендиги айтылган. Анклавдагы эки миллион калктын дээрлик жарымы балдар.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк согушта "ар бир 10 мүнөттө бала өлүп же жарадар болуп жатканын" апрель айында айткан. Комиссар Газа тилкесинде балдар "согушта эң чоң кун төлөп, өмүрүнөн айрылып жатканын" кошумчалаган.

Газада өлгөндөрдүн чыныгы саны мындан көп деп санашат. Улуттар Уюмунун эсебинде 10 миңден ашуун кишинин сөөгү үйлөрдүн урандыларынын алдында жатат.

Палестин автономиясынын билим берүү министрлиги оккупацияланган Батыш жээкте 700дөн ашуун палестин, анын ичинде 150 бала өлтүрүлгөнүн билдирген.

Израил армиясы палестиндерди өлүмгө дуушар кылган курал-жаракты мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган. Анын ичинде коопсуздукка коркунуч туудурат делген палестиндерди атайылап өлтүргөнү үчүн кескин сынга калган.

Израилдин эсебинде Газа тилкесинде ХАМАСтын 17 миң согушкери өлтүрүлдү. Бирок бул санды ХАМАС четке каккан.

Инфраструктураны кыйратуу

Улуттар Уюмунун эсебинде израил армиясы Газа тилкесинде курулган жайлардын дээрлик жарымынан көбүн талкалады. 360 миң турак жай кыйраган.

Улуттар Уюмунун Спутник борборунун (UNOSAT) маалыматында 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде болжол менен курулуштун 66% жабыр тартканы белгиленет:

Мектептер - 85% талкаланган;

Ооруканалар - 44% жабыркаган;

Турак үйлөр - 80% кыйраган;

Коммерциялык имараттар - 60% бузулган.

Спутниктен тартылган сүрөттөргө салыштырып, куралдуу жаңжал башталганы кеминде 53 мектеп талкаланганын дүйнөлүк уюм билдирген.

Хан-Юнистеги Чоң мечит (согушка чейин жана андан кийин)

Израил Газа тилкесинде «террористтик» жайлар жана имараттар гана бутага алынарын билдирип, ХАМАСты карапайым калкты тирүү калкан кылып жатканы үчүн айыптаган.

Согушта жарадар болгондор

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Газа тилкесинде израил армиясынын жердеги жана аба чабуулдарынан 95 миңден ашуун палестин жарадар болгон.

Эл аралык уюм алардын чейреги оор жараат алып, көбү дене мүчөсүнөн ажыраса, башкалары олуттуу реабилитацияга муктаж экенин белгилейт.

Медианын жана гуманитардык уюмдардын өлтүрүлгөн кызматкерлери

Бери дегенде 116 журналист жана медиа каражаттарынын кызматкерлери өлтүрүлгөнүн Журналисттерди коргоо комитети жарыялаган.

Кеминде беш кабарчы израил армиясынын түздөн-түз бутасына алынганын белгилеп, баш кеңсеси Нью-Йоркто турган уюм муну "киши өлтүрүү" деп баалаган. Газа тилкесиндеги израил армиясынын согушу тарыхта журналисттер үчүн эң кандуу кармаш болуп калды.

Гуманитардык уюмдардын кызматкерлери дагы милдетин аткарып жүрүп өмүрүнөн айрылды. Улуттар Уюмунун маалыматында согушта гуманитардык уюмдардын 250 кызматкери өлүмгө дууушар болду.

Газадагы гуманитардык кризис

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча программанын маалыматына ылайык, Газа тилкесиндеги калк ачарчылыкка кептелди.

Хьюман Райтс Вотч былтыр декабрда Израилди карапайым палестин калкын ачарчылыкка кептеп, "согуш куралына" айлантканы үчүн айыптап, муну согуш кылмышына теңеген.

Жер которгон палестиндер

Улуттар Уюмунун эсебинде 2023-жылдын этегинде Газанын тургундарынын 85% же 1,9 миллион киши анклавдын ичинде жер которууга мажбур болгон.

Израил-Палестин жаңжалынын татаал таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:53 0:00

XS
SM
MD
LG