Ал арада коңшу мамлекеттер тест системаларын иштеп чыгып, вирусту иликтөөгө бир топ каражат салууда.
Иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча акы төлөө боюнча документтер иштелип чыкты.
Муктаж үй-бүлөлөргө жардам чогултуп жана таратып жаткан жаштар өз байкоолору менен бөлүштү.
Коронавирус жугузуп алган британ премьер-министри Борис Жонсон экинчи түнүн реанимацияда өткөрдү.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 32ге чыкканын маалымдады.
Ош облусунун Кара-Суу районунда «өзгөчө абалдын эрежелерин сактаган эмес» деген кине менен бир нече кишини милиционерлер кызматтык машинеге зордоп салып жатканы тартылган тасма талкууга түштү.
Пандемияга байланыштуу коомчулукта дагы эле толгон-токой суроолор бар.
Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук күч алды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш билдирди.
Өзбекстандык мигрант аял белгилүү түрк ырчысы Серен Серенгилди «ур-токмокко алды» деп сотко берди. Ырчы болсо «Инстаграмдагы» баракчасына үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттар элге коронавирус жугузуп жатканын жазды.
Коронавирус жөнүндө мифтер менен калпыс түшүнүктөр толтура. Ал эми илдетти токтотуу үчүн фактыларга гана таянуу керек. Биздин сурамжылоого катышып, өз билимиңизди текшериңиз.
Марттын этегинде Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу чечимин жарыялады.
Дагы жүктөңүз