Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Карантин шартында үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук күч алды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш билдирди.

Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда карантинден улам үйлөрүнөн чыга албай калган аялдар зөөкүр күйөөлөрүнүн ур-токмогуна, психологиялык басымына кабылып жатышат. Эч жакка качып чыгып кете алышпагандыктан алардын айрымдары онлайн колдоо көрсөткөн уюмдарга кайрылууга аргасыз болушууда. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы соңку жумаларда психологиялык жактан кеңеш берип, колдоо көрсөткөн кызматтарга кайрылгандар кескин көбөйгөнүн айтты.

«Көп кыздар жана аялдар үчүн эң коопсуз деп саналган өз үйлөрү эң коркунучтуу жерге айланды», - деди Гутерриш.

Кризиске байланыштуу экономикалык жана социалдык кыйынчылыктар курчуп турган кезде зомбулуктан жапа чеккендерге баш паанек берчү мекемелердин көбү жабык, иштегендери толуп калган. Медициналык кызматкерлер жана тартип коргоочулар жетишпейт. Гутерриш ушундай учурда өлкө жетекчиликтери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга да колдоо көрсөткөндү эстен чыгарбашы керек деп эсептейт.

«Мен баардык өкмөттөрдү СOVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча улуттук пландарына аялдарга каршы жасалган зордуктун алдын алууну жана бул багытта чара көрүүнү негизги бөлүк катары киргизүүгө чакырам. Бул онлайн кызматтарга жана жарандык коом менен иштешкен уюмдарга инвестиция бөлүү дегенди билдирет. Ошондой эле кылмышкерлер сот системасы аркылуу жазаланууга тийиш», - деди ал.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. 18-февраль, 2020-жыл.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. 18-февраль, 2020-жыл.

Эксперттердин эсебинде карантинден тышкары, пандемиянын айынан күч алган жумушсуздук да үй-бүлөдөгү кордук көрсөтүүнү күчөтүп жатат.

«Америка добушу» радиосунун маалыматына караганда аялдар өзгөчө Францияда жана Түштүк Африкада үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатышканы байкалган. Түштүк Африкада бийликтин маалыматына караганда, карантиндин алгачкы бир аптасында эле 90 миң кайрылуу түшкөн. Пандемия башталгандан бери Ливанда жана Малайзияда жардам сурап кайрылган аялдар эки эсе көбөйгөн. Ал эми коронавирус алгач жайылган Кытайда мындай маселенин айынан телефон чалгандар үч эсе көбөйгөн.

Малайзияда алгач өкмөт аялдарды күйөөлөрүнүн кыжырына тийбөөгө чакырган талаштуу өнөктүк баштап, көп өтпөй андан баш тартты.

Австралия бийлиги коронавируска каршы күрөш боюнча планынын алкагында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркагандарга колдоо көрсөтүш үчүн 91 миллион доллар бөлгөнүн билдирди.

Ал эми Түркияда активисттер11-мартта карантин башталгандан бери аялдарды өлтүрүү күч алганын айтышууда.

Учурда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү же эки жарым миллиардай адам карантинде отурат.

6-апрель, Бишкек убактысы боюнча 16:00гө карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 1 миллион 284 миң адамдан, ал эми бул оорудан каза болгондор 70 миң кишиден ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG