Москванын коронавирустан дарылоочу ооруканасын мигранттар куруп жатышат.
Сауд Арабиясы дүйнө мусулмандарын кырдаалга байланыштуу ажылык сапарын пландабай турууга чакырды.
Айрым депутаттар өзгөчө абалды 15-апрелден ары узартууга болбой турганын айтып чыгышты.
УКМК өзгөчө абал убагында жалган маалымат тараткан 20дан ашуун кишини кармады.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ушул айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер «Тез жардам» машинесин белекке берди. Мындан сырткары бул оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алыш үчүн 100 миң сом жардам көрсөттү.
Коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ Кытайды артка калтырды. Кошмо Штаттарда бул илдеттен 4060тан ашуун киши көз жумду. Дүйнөдө бул оору 884 миң адамга жукканы аныкталды.
Чехияда «Акылдуу карантин» деген система сыноо иретинде ишке кирди. Технологиялардын жардамы менен инфекцияланган адамдын акыркы беш күндө кайда жүргөнү, ким менен байланышта болгону аныкталат.
Дааватка барып келген кишилерден коронавирус чыкканы Интернетте талкууланууда.
Бишкекте өзгөчө абал эрежелери күчөтүлүп, аны аткарбагандар айыпка жыгылмак болду.
Дарыгерлердин экинчи тобу 30-мартта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына жөнөп кетти. «Азаттык» Бишкектен Жалал-Абадга барып, азыр Аксы аймактык ооруканасында иштеп жаткан инфекциолог Жаркын Ибраеваны кепке тартты.
Кыргызстанда 30-мартка карата дагы 10 кишиден коронавирус табылды.
Дагы жүктөңүз