Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:14

Кара-Суу: Өзгөчө абалдын өктөм сакчылары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда «өзгөчө абалдын эрежелерин сактаган эмес» деген кине менен бир нече кишини милиционерлер кызматтык машинеге зордоп салып жатканы тартылган тасма талкууга түштү.

Укук коргоочу активисттер тартип сакчылары өзгөчө абалды шылтоо кылып, «кызматтык абалынан кыянат пайдаланып жатканын» айтышууда.

Милициянын маалыматына караганда, Интернетке тараган тасмалар 31-март күнү Кара-Суу шаарында тартылган. Тасмадан тартип сакчылары жолдо бара жаткан жарандарды машинеге зордоп салып жатканын көрүүгө болот. Кара-Суу шаарынын тургуну Дилья Атабаева өзгөчө абал кирген алгачкы күндөрү милиция элди үйгө киргизүүгө катуу аракет кылганын, бирок тасмадагы кызматкерлер аша чапканын айтууда:

«Жолдун четинде эле бараткан. Менин оюмча түшүндүрүп айтып, анан кармаса болмок. Дагы бир видео бар. Дарбазанын астынан эле чыгарып, кармап кеткен. Ал да Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүндө тартылган. (Милиция) өздөрүнүн да коопсуздугун сактаган эмес да. Коргоочу костюм өздөрүндө да жок эле. Элди тартипке чакырам деп өздөрү тобокелчиликке барышты. Копол мамиле кылып жатышканын да байкоого болот».

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тартылган бир нече видео социалдык тармактардан тараган соң ар кандай талкууга жем таштады. Айрым колдонуучулар РИИБдин аракетин колдоп, «элди ушинтип гана үйдө олтургузбаса болбой калды» деген сыяктуу пикирлерин жазышкан.

Ал эми укук коргоочу, юрист Мухайё Абдураупова ал жерде бир нече укук бузуу болгонун жана милиция кызматтык абалынан ашкере пайдаланган деп эсептей турганын билдирди:

Мухаё Абдураупова.
Мухаё Абдураупова.

«Бул тасмадан мен милиция кызматкерлеринин кызматтык абалынан аша чаап колдонуусун көрдүм. Анткени бул күндүзү болуп жатат. Ал эми күндүзү кыймылга тыюу салынган эмес. Ал кишилердин өздүгүн такташ керек болчу. Кимдер, каерде жашайт, эмне себептен чыгышты, маршруттук кагаздарын да сураш керек болчу. Алар эч нерсе кылбай туруп баса калып машинеге салып жатышат. Мен муну милиция кызматкерлеринин адилетсиздиги деп эсептейм».

Абдураупова жакынкы күндөрү расмий түрдө милиция кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берилиши үчүн тиешелүү органдарга кайрыларын да кошумчалады.

Оштун комендантынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев болсо кармалган жарандарга эскертүү берилгенине карабай, өзгөчө абалдын талаптарын аткарбагандыктан ушундай чара көрүлгөнүн билдирди. Ошол эле кезде ал «милиция да санитардык эрежени бузган» деди. Анткени кызматкерлер атайын кийимдери тургай, мээлейлери да жок жүрүшкөн.

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Милиция кызматкерлери өздөрү санитардык эрежелерди бузгандыктан, ошол күнү жарандар менен кошо баарын дароо экспресс-тесттен өткөрүп, баары таза чыкты, - деди ал. - Андан кийин коргоочу кийимдерди кийүүнү талап кылдык. Бүгүнкү күндө жарандар менен иштеген ар бир кызматкер атайын коргоочу кийимдер менен жүрүп жатат. Ал кызматкерлер ошол нерсеге жол бергени үчүн жетекчилигине жана катышуучуларына кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тартиптик жазага тартуу жагы каралып жатат».

Аширбаевдин маалыматына караганда Ош шаары жана Ош облусу боюнча милиция кызматкерлери 400дөн ашуу атайын коргоочу кийимдер жана түз байланышка барбаган кызматкерлердин баары коргонуучу беткап, мээлей жана антисептик каражаттар менен камсыздалган.

Бүгүнкү күндө Ош облусунан үч милиция кызматкери да коронавируска байланыштуу шак саналып, баштапкы анализдери бүдөмүк көрсөткөндүктөн обсервацияга алынган.

Коронавирус менен күрөшүү учурунда медицина кызматкерлеринен кийин эле тартип сакчылары тобокелчилик тобуна кирип калганын айтышууда. Маселен, милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы Касым Кадыров тартип сакчылары илдетти ооздуктоого болгон аракетин жумшап жатат деп эсептейт.

«Азыр эми өтө оор кырдаал. Булар мамлекеттин буйругун аткарып жатышат. Жамгырда ысык-суукта калып жатат. Дарыгерлер, милиция ата-мекенин, эл-жерин сактап жатышат да», - деди ал.

Өлкөнүн айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал режими кирген. Ал Ош шаарын жана Ош облусуна караштуу Ноокат жана Кара-Суу райондорун да камтыган. Өзгөчө абалдын мөөнөтү 15-апрелде аяктайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG