7-январга караган түнү Жаныбек Кадаевди белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, анын автоунаасын уурдап кетишкен. Маалыматты маркумдун бир тууган эжеси "Азаттыкка" ырастады:
"Мага акыркы жолу курьер болуп иштейм деп айткан. Анын өз үй-бүлөсү бар. Келинчеги балдары менен Питерде турат. Бир кызы, эки уулу бар. Ал менин бир тууган иним. Ага кол салып, каза болгонун гана уктум. Эмне болгонун толук билбейм. Азыр туугандар баарыбыз чогулуп жатабыз".
32 жаштагы мигрант жигит АКШга бир жыл мурун Мексика аркылуу келип, Чикаго шаарында иштеп жүргөн. Ага чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында үй-бүлөсү менен жашачу. Жаныбектин артында үч баласы жетим калды. Улуусу жети жашта, кичүүсү эки жашта.
Жаныбектин бир тууган иниси Жолдош окуя тууралуу учкай буларды айтып берди:
"Америкада анын жанында досу гана бар эле. Азыр ал полицияга барып, бардык иштерди аткарып жүрөт. Досуна полиция камерага түшүп калган тасманы көрсөтүптүр. Анда 5-6 ынды кара адам келип, машинесинен сүйрөп чыгып, атып өлтүргөн экен. Машинасын уурдап кетишиптир. Агам иштегени кеткен эле".
Ушул тапта АКШда жашаган кыргызстандыктар маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракетин көрө баштады. Чикагодогу активисттердин бири буларды айтты:
"Сөөктү Кыргызстанга жиберүү үчүн орто эсеп менен 10 миң доллардай керектелет экен. Азыр биз ошол акчаны топтоп жатабыз. Биз мекендештер менен эртерээк каражат чогултуп, жардам берүү аракетин көрүп жатабыз".
Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбеков соңку аптада бул шаарда жашаган үч кыргызстандык каза болгонун "Азаттыкка" билдирди. Алардын бири киши колдуу болсо, эки адам оорудан улам көз жумган. Учурда алардын сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Чикагодо кыргыз жараны каза тапканын ырастап, бул факты боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.
ТИМ Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдун жакындары менен байланышта экенин кошумчалады.
АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт жана алардын саны расмий маалымат боюнча 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.
Шерине