Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Ухань шаары ачылды


Ухань шаары ачылган алгачкы сааттарда эле ал жактан 65 миңдей адам чыгып кетти.
Ухань шаары ачылган алгачкы сааттарда эле ал жактан 65 миңдей адам чыгып кетти.

Коронавирус жугузуп алган британ премьер-министри Борис Жонсон экинчи түнүн реанимацияда өткөрдү.

Ал арада Нью-Йорк штатында бул илдеттен ажал тапкандардын саны төрт миң адамдан ашты.

Өпкөнү сезгенткен оору биринчи чыккан Кытайдын Ухань шаарындагы карантин 76 күндөн кийин, 8-апрелде алынды.

Ушул тушта Лондондогу Сент-Томас госпиталында жаткан Борис Жонсондун расмий өкүлү британ премьер-министринин абалы туруктуу экенин билдирди. Ага ылайык, Жонсон реанимация бөлүмүндө катуу көзөмөлдөн өтүп жатат.

Британ премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу аткарып жаткан тышкы иштер министри Доминик Рааб премьер-министр айыгып чыгарына ишенерин айтты жана Жонсонду «жоокер» деп сыпаттады.

Доминик Раабдын маалыматы боюнча, өлкөдө 16-марттан бери оору жугузуп алгандар туруктуу көбөйүп келе жатат.

«Өкмөттүн мониторинг жана тесттен өткөрүү программасынын алкагында бүгүнкү күнгө карата 123 миңден ашуун адамдан анализ алынды. Алардын арасынан 55 миңден ашык кишиден коронавирус табылды. Ушул тапта ооруканаларда 18,5 миңдей адам дарыланып жатат. Оору жуккан 6 200гө жакын адам, тилекке каршы, каза болду».

Кошмо Штаттарда соңку бир күндүн ичинде илдеттен 1970 адам көз жумду жана бул сан эң чоң көрсөткүч болуп калды. АКШда өпкөнү сезгенткен оору жуккан адамдардын саны 400 миң кишиге чукулдады, 13 миңдей адам бул илдеттен көз жумду.

Нью-Йорк штатында эле коронавирустан ажалы жеткендердин саны төрт миң адамдан ашты. Бул 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулдан мерт болгондорго караганда дээрлик бир миң кишиге көп.

Штаттын губернаторы Эндрю Куомо бул оору бир топ тургундарды азапка салганын айтты:

«Биз баарын сактап кала албайбыз. Бул вирус аялуу адамдардын өмүрүн жалмаганга маш экен. Ошол ишин кылып жатат. Биз муну токтото албайбыз. Бирок «Силер өмүрүн сактай ала турган адамдарды сактап кала аласыңарбы?» деген суроого: «Ооба» деген жооп бере алабыз. Биздин саламаттык сактоо тармагыбыз иштеп жатат. Биз кайсы бир адамдарга кам көрө албай, аны жоготуп алып жатканыбызга ишенбейм. Канчалык аракет кылганыбызга карабай, көз жумган адамдарды сактай албай жатабыз».

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун «Кытайга жан тартып, ашкере көңүл буруп туруп алган» деп айыптап чыкты жана уюмду каржылоону кескин азайтарын эскертти. Маселен, Трамп бул уюм оору алгач тарай баштаганда Кытайдан Европага каттагандардын чектөөгө каршы чыкканын эстеди:

«Алар коңгуроону өткөрүп жиберишти. Алар муну бир канча ай мурда эле эскертишсе болмок. Алар муну билиши керек эле, чагымда алар муну билишкен».

Кытайда оору биринчи катталган, 11 миллиондон ашык эл жашаган Ухань шаарында 8-апрелден тартып карантин жоюлду. Жол ачылган алгачкы сааттарда эле бул шаардан 65 миңден ашык адам чыгып кетти. Соңку бир канча күндөн бери Уханда оору жуккан жаңы учурлар катталган эмес.

Ухандын өзүндө эле коронавирус 50 миңдей кишиге жугуп, 2600дөй киши жан берген. Бирок шаар бийлиги оору дагы кайталанышы ыктымал деп чочулап, тургундарды башка аймактарга барбай турууга чакырып жатат.

8-апрелге карата дүйнөдө коронавирус 1,4 миллиондой адамдан табылды, 80 миңден ашык киши көз жумду. Эксперттер бул сан дагы алда канча көп болушу ыктымал экенин, айрым авторитардык өлкөлөр коронавируска байланыштуу маалыматтарды жашырып отурушканын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG