Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы: КГБ архиви ачылабы?


Ата-Бейит комплекси 1991-жылы ачылган. Ал жерден репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү чыккан.
Ата-Бейит комплекси 1991-жылы ачылган. Ал жерден репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү чыккан.

Жыл жаңырар алдында президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Ошондой эле “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам демилгечилеринин айтымында, жакында парламентте комиссия түзүлүп, ишин баштайт.

Жаңы мыйзам кантип ишке ашырылат? Изилдөөчүлөр үчүн КГБ архивине кирүүгө жол ачылабы?

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жылы 20-ноябрда кабыл алган. Анда 1918-жылдан 1953-жылга чейинки репрессияларда атууга кетип, куугунтукталып, лагерге айдалган миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук актала жана реабилитация боло электиги белгиленген.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жакынкы аралыкта парламентте атайын комиссия түзүлүп, архивдик документтерди алууга жол ачыларын билдирди.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Бул мыйзам ишке кирер замат атайын кызматтын архивин ачып, депутаттар, тарыхчылар кирип, каалагандай архивди аңтарат дегенге жатпайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уруксаты менен керек учурда айрым архивдик материалдарга жол ачылышы мүмкүн. Мунун баары жакында комиссия түзүлүп, толук ишке киргенде анык болот".

Акаевдин айтымында, комиссияга депутаттар, тарыхчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Анын так курамын парлемент бекитип берет. Андан соң комиссия изилдөө жүргүзүп, материалдарды прокуратурага жиберет, иш сотко өтүп, актоо иштери башталат. Ал эми кошумча изилдөөлөр үчүн каражат талап кылынса, депутаттын билдиришинче, чыгым Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан жабылат.

Буга чейин изидөөчүлөр Кыргызстандагы ачык архивден жана кошуна мамлекеттерден табылган материалдарга таянып, сталиндик репрессия тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Бирок тарыхчылар жүздөгөн кишилердин тагдыры белгисиз бойдон калып, айрым мамлекеттик ишмерлердин сөөгү кайда көмүлгөнү алгигүнчө табылбай жүргөнүн айтып келишет.

Тарыхчы Жумагул Байдилдеев атайын кызматтын архивине жол ачылып калса көп тарыхый маалыматтар ачыкка чыкмак деп эсептейт.

Жумагул Байдилдеев
Жумагул Байдилдеев

"1930-жылдардагы репрессияда жоопко тартылган ар бир инсан адегенде сурак берген. Мунун өтөөсүнө чыгыш үчүн эки-үч жыл убакыт керек. Тарыхчылар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кирсек тарыхтын дагы бир бүтөлө элек, көмүскө жактарын алып чыкканга өтө чоң жардамы тиет".

Бирок айрымдар КГБ архивин ачса коомчулукта жектешүү болот деген чочулоосун дагы айтып келишет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, аталган мыйзамды демилгелегендердин бири Каныбек Иманалиев долбоор 10 жылдай коомчулукта талкууланганда мындай пикирлер көп болгонун, бирок антип чочулоого негиз жок экенин айтууда:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

"Андай кооптонууга негиз жок деп ойлойм. Бири-биринин атасына чейин териштирип, ким-кимди жамандаган, кимге жалган көрсөтмө берген... Ооба, бул негиздүү чочулоо, бирок анын убактысы өтүп кетти. Андан бери ал кишилер эмес, алардын балдары өтүп кетти. Неберелер териштирет деген ой күмөн, болсо да кимдир бирөө кек алат, өч алат дегенден алысмын. Менде да ошондой ой болгон эле, бирок бул мыйзам дээрлик 10 жыл кылдат талкуудан өттү. Анан кооптонуунун негизи жок деп ойлойм".

Тарыхчы Аида Кубатова аталган мыйзам кабыл алынганы тарыхтын жаңы барактарын ачууга себеп болорун айтты:

Аида Кубатова
Аида Кубатова

"Мыйзам кабыл алынганы эң туура кадам болду. Анткени биз муну көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Мына, былтыр Кара-Кыргыз автономиялык облусунун же кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилебедикпи. Белгилегени менен ошол 20-30-жылдардагы тарыхыбыз жабыктай болчу. Репрессияга учурагандардын тагдыры жабык болуп келди. Эми жаңы фактылар менен жазуу үчүн же кароо үчүн ушундай мыйзамдар керек болчу".

Соңку жылдары Борбор Азия өлкөлөрү Казакстанда, Өзбекстанда совет мезгилиндеги архивдерди ачып, репрессиялангандары актоо иштери жандуу жүрүүдө. Кыргызстан көп жылдык талкуудан кийин атайын мыйзам кабыл алды. Кыргызстанда 1920-30-жылдары репрессияда кишилер жапырт атылып, жашыруун көмүлгөн эки жай тууралуу маалымат ачыкка чыккан. Алардын бири Ата-Бейит - далилдүү документтер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир жайы. Ал жер 1991-жылы ачылып, 137 кишинин сөөгү чыккан.

Өткөн жылы мындай жайлардын бири Өзгөндө табылып, атайын эстелик орнотулду.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG