Баткен облусунун тургуну Айымча Мурахмедова май айында 120 жашка чыгат. Ал облустагы 100 жаштын тегерегиндеги 12 карыянын эң улуусу. Акылы тунук, баскан-турганы тың апа азыр балдарынын кашында, небере-чөбөрөлөрүнүн сыйын көрүп жашап жатат.
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Эс алууга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
Идиш-аяк жууган, даараткана тазалаган хлору көп суюктуктар, автоунаанын аккумуляторунун суюктугун ичип алган жаш балдардын саны акыркы жылдары кескин көбөйгөн.Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат.
Нарындык өспүрүм кыздар күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду. Аталган турнирге теңиртоолук беш кыз барган. Соңку жылдары Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн-күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда.
Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
Нарын шаарында хоккей оюну боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш башталды. Турнирде Казакстандын Алматы шаарынан келген курама команда баштаган, Бишкек жана Нарындын хоккейчи тестиерлер күч сынашууда. Беттеш ар айда бир жолу болуп турат.
Караколдогу төрөт үйү 5-январдан бери жабык турат. Ооруканын жетекчилиги пландуу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп атканын, бул алты наристенин удаа чарчап калышына байланыштуу экенин айтууда. Санэпидем көзөмөл кызматы жүргүзүп жаткан лабораториялык изилдөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек.
Көз жоосун алган керемет Кел-Суу соңку жылдары саякатчылардын сүйүктүү жерине айланды. Алыскы Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү бул көлдүн популярдуу болушуна видео блогерлер дагы салым кошту.
Дагы жүктөңүз