Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Ноокаттын милициясы курулушка иштеткен жетекчиге нааразы


коллаж
коллаж

Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчисинин басымына даттанды. Ош облустук милициясы кайрылуу боюнча териштирүүнү баштады. Адатта укук коргоо органдарында коомчулукка ачык кайрылган учурлар сейрек.

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирип, айтылган дооматтарды текшерүү үчүн комиссия Ноокат районуна кеткенин кабарлады.

18-ноябрдын кечинде Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанышты.

Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиев менен иштеше албай тургандыгын айтышкан.

Алар жетекчини бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, ага тиешелүү чара көрүүнү өтүнүүдө.

Милициянын майору, Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын айтып, кайрылуу жасады:

“Бизге кысым көргөздү, моралдык, материалдык да кысым болду. Биринчи келгенде эле айткан, өздүк курамды чогултуп алып, "Улан Ниязбеков менен бир айылдан болом. Мени ал киши дайындады, менин айтканымды кылбасаңар эмне болорун өзүңөр билесиңер" деген. Бул деле кысым. Бул тосмону менин балдарым тургузду. Эртең менен чогулушка келсең эле "тосмону качан баштайсың, качан бүтөсүң" дейт. Райондук милиция курулуш компаниясы, анын жетекчиси Талгат Акылбекович болуп калды. Муну өзүбүздүн акчага тургуздук, мамлекеттен каражат бөлүнгөн жок. Андан сырткары "жылуулукту бүтүргүлө" деди. Мен аны кантип бүтүрөм?”.

Тимур Абдисатар уулу
Тимур Абдисатар уулу

Тимур Абдисатар уулунун кайрылуусу социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Ош облустук милициясы териштирүү иштери башталганын маалымдады.

Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин чарбалык иштерди кылгыла деп милиция бөлүмчөлөрүнө милдеттенмелерди жүктөп койгонун айтууда:

“Менин үстүмдөн бир жаранга прокуратурага арыз жаздырып, экспертизаларын чыгартып алыптыр. Үч сааттан ашык эки прокурорго сурак бердим. Сурак бүткөндөн кийин прокурор чакырып, "моюнуңузга алсаңыз, ишти мен жаап коёт элем" деди. Макул болгон жокмун. Сыртка чыкканда прокурордун жардамчысы "биздин шеф менен райондук милициянын жетекчиси жең ичинен сүйлөшүп алган окшойт" деп айтты”.

Бул окуя боюнча прокуратура үн ката элек. Тимур Абдисатар уулунун жашы 38де. Анын ички иштер тармагында иштеп жатканына 20 жылдан ашыптыр. Ноокат районуна үч жыл мурда которулуп келген.

Бирок Ноокат райондук милициясынын жетекчиси Талгат Өскөналиев басым-кысым тууралуу айтылгандарды курулай доомат деп четке какты.

Ал райондогу өздүк курамды милициянын имаратынын короосун оңдоп-түзөөгө кол кабыш кылууну суранганын айтып, министр Ниязбеков менен туугандык байланышы бар деген сөздөргө мындай жооп берди:

Талгат Өскөналиев, Ноокат райондук милициясынын башчысы
Талгат Өскөналиев, Ноокат райондук милициясынын башчысы

“Мен Талас облусунун Кара-Буура районунда туулгам. Улан Омоканович да Кара-Буурада, бирок башка айылда төрөлгөн. Тууганчылык жайым жок. Баягыда өкүл баласы деп чыгарышкан. Менин өкүл атам Нарындан. Улан Омоканович менен сүйлөшпөйбүз, тартиптик уставдан улам мен ал кишиге чала албайм. "Кызматкерлерди алып келип иштетти" деп жатпайбы, мен кызматкерлерден сурангам. Анткени жол оңдолуп жатканда архитектура кызматкерлери келип "тосмоңорду жылдыргыла, кызыл сызыкка чыгып кетипсиңер" деген. Балдардан суранып ушул ишти жасатык, ал үчүн ыраазычылык билдирем”.

Райондогу кысымга кабылдым деген милиция бул окуя боюнча өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, жетекчисине чара көрүүнү өтүнүүдө. Ал буга чейин облустук милициянын башчыларына бир канча жолу кайрылып, жооп албаганын да айтууда.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Таалай Байтиков окуя боюнча буларды айтты:

Таалай Байтиков Ош ОИИБнын маалымат катчысы
Таалай Байтиков Ош ОИИБнын маалымат катчысы

“Бул кызматкердин видео кайрылуусунда айтып жаткан дооматтары боюнча Ош ОИИБ тарабынан “Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндөгү курулуш иштерине кызматкерлерди тарткан” деген дооматы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, учурда уланып жатат. Андан сырткары башка иштери боюнча да Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат”.

Окуя эмне менен бүттү?

Макала жарыялангандан кийин жетекчисине арызданган Тимур Абдисатар уулу иш кабинетте башка кызматкерлерден акча алып жаткан видеосу интернетте тарапЮ ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Ал арада министрлик түзгөн комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 21-ноябрда Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулганы маалым болду. Ал эми РИИБнүн жетекчиси Талгат Өскөналиев ээлеп турган кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.

РИИБ башчысынын эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук коопсуздук кызматынын дагы бир инспектору да кызматынан төмөндөтүү менен алынды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына жана бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген.

"Милицияны коргогон профсоюз жок"

Милициянын ардагери Калтарбек Кадыров жетекчилик менен кызматкерлердин ортосундагы келишпестик жөнүндө буларды айтты:

Кадыров Калтарбек ИИМдин ардагери
Кадыров Калтарбек ИИМдин ардагери

"Мен дайыма эле айтып келем, милицияны коргогон профсоюз жок. Прокуратура коргош керек эле, бирок алар коргобойт. Муну объективдүү, милицияга тиешеси жок, көз карандысыз органдар териштириши керек. Бул жакшы эмес прецедент болуп калыптыр. Булар өлкө башчыга айласы түгөнгөндө кайрылып жатат да. Болбосо жагдайды прокуратура эле текшерип, териштириш керек эле. Убагында баа берилбесе, эртең жакшы болбойт. Милиция дагы өз талабын айтып чыгат. Милиция - бул жалданма жумушчу эмес, кызматкер. Эртең биз сегиз саат иштейбиз деп чыксак, калган сааттарда ким иштейт? Башка учурда кылмыштуулук менен ким күрөшөт?".

Буга чейин 23-октябрда кармалган блогер Азамат Карабаев да милиция кызматкерлери курулуш иштерине тартылганы тууралуу социалдык баракчасына видео жүктөгөн.

Кийинчерээк ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган.

Адатта укук коргоо органдарында жетекчилерине нааразылык билдирген, аны коомчулукка ачык айткандар сейрек учурайт. Бирок Ош аймагында акыркы жылдары мындай учурлардын бир нечеси катталды.

Өткөн жылы да Ош шаардык жол кайгуул кызматынын кызматкерлери нааразылык билдирип, жетекчилигин алмаштыруу талабын айтып чыгышкан. Андан көп өтпөй жетекчи кызматтан кеткен. Ага чейин Ошто милициянын улук лейтенанты жетекчилерин мыйзамсыз иштерге айыптап, кайрылуу жасаган. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарбаган деп айыптаган. Милицияда кызматкерлеринин кайрылуулары канчалык калыс териштирилгени, жыйынтыгы кандай болгону көп учурда коомчулукка ачык айтылбай калат.

Ноокат: Көк-Жардын милиция башчысы бийликке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG