Лейлектин мурдакы Маргун азыркы Мурас айылында койдун бир тал жүнү жөн калбайт. Ал эле эмес жүндү Бишкектен, Алайдан бери сатып алышат. Анткени бул айылда дээрлик ар бир үйдө койдун жүнүнөн килем токуу өнөрү колго алынып, жумушсуз келин-кыздар килемчиликтен киреше таап турат.
Баткенде мобилдик клиника чек ара аймактарындагы аялдардын саламаттыгын текшерди. Дарыгерлер чек ара чырлары аялдарды психологиясына таасир этип, стресстин айынан ар кандай ооруга чалдыкканын айтып жатышат.
Баткен облусунун тургуну Айымча Мурахмедова май айында 120 жашка чыгат. Ал облустагы 100 жаштын тегерегиндеги 12 карыянын эң улуусу. Акылы тунук, баскан-турганы тың апа азыр балдарынын кашында, небере-чөбөрөлөрүнүн сыйын көрүп жашап жатат.
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Эс алууга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
Идиш-аяк жууган, даараткана тазалаган хлору көп суюктуктар, автоунаанын аккумуляторунун суюктугун ичип алган жаш балдардын саны акыркы жылдары кескин көбөйгөн.Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат.
Нарындык өспүрүм кыздар күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду. Аталган турнирге теңиртоолук беш кыз барган. Соңку жылдары Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн-күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда.
Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
Дагы жүктөңүз