Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Украина Орусиянын аймагына алгачкы жолу ATACMS менен атканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, Украина аскерлери Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ракеталык-артиллериялык башкы башкармалыгынын Брянск облусундагы "материалдык-техникалык камсыздоо борборуна" сокку урганын Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин жалган маалыматтын тарашына каршы борборунун башчысы Андрей Коваленко 19-ноябрда маалымдады.

"Ал жерде артиллериялык, анын арасында түндүк кореялык курал-жарак, башкарылуучу авиабомба, зениттик ракета, жапырт аткылоочу ракеталык системалардын ок-дарысы сакталат", - деген Коваленко андан мурдараак аталган жер дрон менен аткыланганын билдирген.

Бул маалыматты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы да тастыктады. Мекеменин билдирүүсүндө: "12 жолу жарылуу жана детонация болду. Орусиянын Украинага каршы куралдуу агрессиясын токтотуу максатында орусиялык оккупанттардын армиясын жабдып туруучу курал-жарак кампаларын бутага алуу улана берет", - деп белгиленди.

"РБК-Украина" басылмасы бул чабуулунда Украина алгачкы жолу ATACMS ракетасын колдонгонун украин аскерлеринин арасындагы жеке булактарынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады. Мекеме билдиргендей, ATACMS баллистикалык ракеталарынан бешөө атып түшүрүлдү, дагы бирөө талкаланды:

"Ракета сыныгы аскердик объектинин техникалык тилкесине түшүп, өрт чыкты. Өрт дароо өчүрүлдү. Жабыркагандар жана кыйроолор жок".

АКШ президенти Жо Байден америкалык куралды Орусиянын аймагына атуу үчүн колдонууга уруксат бергени тууралуу маалымат 17-ноябрда чыкты, бирок азырынча расмий тастыктала элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана аскердик жетекчилиги мындай мүмкүнчүлүк берүүнү Кошмо Штаттардан бир нече айдан бери суранып келе жатышат. Себеби АКШ да, НАТО өлкөлөрү да украиндерге Орусиянын аймагына атуунун алыстыгы боюнча чек коюшкан.

Зеленский: "Бизге уруксат берилгенин айтып жатышат. Бирок сокку сөз менен урулбайт. Мындай нерсени жар салбайт. Ракеталар өзүн көрсөтөт", - деп 18-ноябрда билдирди.

Орусиянын Украина менен чектеш Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз артиллериялык арсеналга сокку урулганы тууралуу эч нерсе айткан жок, аймак дрон чабуулуна кабылганын, жабыркагандар жок экенин гана маалымдады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG