Аймактык реформанын шайлоого таасири
Талас районунун Нылды айылынын тургуну Хан-Темир Өмүрзаков өткөн чакырылышта айылдык кеңештин депутаты болгон. Бул жолку шайлоого катышууга убактысы тар болгонун айтса, экинчиден аймактык реформанын жыйынтыгы менен мандат бөлүштүрүү туура эмес жүргөнү үчүн шайлоого катышпаганын билдирди.
"Азыр бириктиргенден кийин округдарга кайра бөлбөдүбү. Мисалы, биздики Таш-Төбө округу болду. Ага Көк-Ой, Сары-Булак, Нылды айылдары бирикти. Округга төрт мандат берип жатат. Анын экөө аялдарга кетет, 30% менен эсептегенде. Көк-Ойдон эки эркек койсо эле Нылды менен Сары-Булактан депутат чыкпай калат да. Себеби, Нылды менен Сары-Булакта 700гө жетпеген добуш бар. Алар 100% катышкан күндө деле Көк-Ойдон эл 50% катышып койсо эле болду да. Ушул жагы адилетсиз болуп калгандай".
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстан боюнча шаардык кеңештерге 39 партия жарышка түшкөн. Мындагы 993 мандат үчүн 5 125 талапкер сунушталса, ал эми айылдык кеңештердеги 5 391 мандат үчүн 10 439 талапкер ат салышууда. Эсептей келсек, жалпысынан шаардык кеңештеги бир мандат үчүн бештей талапкер ат салышса, айылдык кеңештеги бир мандат үчүн эки же бир талапкер катышты.
Мисалы Баткен облусундагы Алтын-Бешик айыл аймагынын жергиликтүү кеңешине шайлоодо эки мандатты үч талапкер талашууда. Айыл тургуну Максатбектин айтымында, айыл башчы талапкерлерди суранып, шайлоого катыштырган.
“Бул жолку шайлоого элдин кызыгуусу аз болду. Мурда биздин айылга үч мандат берилсе, 10-12 талапкер чыгат эле. Азыркы шайлоо кызыксыз, талапкер аз болуп жатат. Ушул шайлоодо айыл башчыбыз ар кимге чалып, "талакерлигиңерди койгула" деп айтып жатып, эки мандатка үч талапкер араң чыкты. Жолугушуу өтөрүп, мындай иш жасайбыз деп атаандашкандары жок. Кызыгуу аз”.
Талапкерлердин саны эмнеге азайды?
Шаардык кеңештерге депутаттар партия менен барса, айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барат. Бирок соңку шайлоодо талапкерлердин саны азайганынын себеби эмнеде?
2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, мэрлерди президент, айыл өкмөттү акимдер дайындай турган болгон. Мындан улам аймактарда жергиликтүү кеңештерди шайлоонун шааниси жок экенин айткандар бар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы боюнча серепчи Мелис Төлөгөнов жергиликтүү кеңештердин ролу төмөндөгөнүн айтууда.
"Азыр депутаттар айыл өкмөттү шайлабайт, жөн эле бюджетти колдоп берет. Анан бюджет кандай аткарылды жана отчетту бекитип берет. Мыйзамда калтырып койгон айыл өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтө алат депчи. Бирок аны аким карайт, акимге жакпаса алып салат, жакса калтырып коет. Шаар мэрин болсо депутаттар эч нерсе кыла албайт. Бир эле мисал, шаардагы троллейбустардын баарын Ошко берем деп линиялардын баарын жок кылды. Депутаттардан чечими жок, мэр өзү билгендей чечим чыгарды. Депутаттар ызылдап эле отуруп калышты. Буларда бийлик жок азыр".
Жергиликтүү кеңештер эмне жумуш кылат?
Деген менен мындай пикирге кошулбагандар да бар. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Саадат Туйгунова айылдык кеңештердин аткарчу жумушу тууралуу буларды айтты:
"Аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү, социалдык жактан колдоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышы тууралуу отчетторду угуу, жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурда алардын баасын аныктоо, муниципиалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартиби отчетун угуу же айыл өкмөттүн отчетун угуп турат".
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев шаардык кеңештердин жумушу тууралуу буларга токтолду.
"Булардын эң чоң күчү бар, бул микрофон. Мэрди такалап турса болот. Коомдук пикирди жаратып турса болот. Мына өзгөчө Бишкекте чоң көйгөйлөр бар. Шаардын жогору жагында үйлөр козу карындай жайнап кетти. Алардын саркынды суулары эмне болду, жолу, мектеби, бала бакчасы, ооруканасы эмне болот деген маселе курч. Ошондуктан буларда иш абдан көп. Бишкектеги авто тыгын маселесин эмне кылабыз, шаардын чок борборунан жер тамдарды бузуп, жаңы жолдорду салыш керек. Ушундай маселелерде шаардык кеңештин ролу чоң болот".
Президент Садыр Жапаров дагы 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого келип, элди да добуш берүүгө чакырды. Ошондой эле ал депутаттарды туура тандоого үндөдү.
"Эмне үчүн беш жыл тагдырын чечет, анткени жергиликтүү бюджетти карайт, кайсы акчаны каякка жумшоону чечет, ошого макулдук берет же бербейт. Кандайдыр бир маселе чыкса да макулдук берет же бербейт".
Кыргызстанда шайлоочулардын шайлоого катышуусу жылдан-жылга азайып келатат. Ошол эле маалда өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын саны көбөйгөн. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыккан.
Анда шайлоого катышпаган жарандарга мамлекеттик мекемелер үч айдан алты айга чейин маалыматтарды бербей коюу сунушталган. Документте мындан тышкары добуш бербеген жарандардын аңчылыкка чыгуу үчүн берилген укугунан же лицензиясынан ажыратуу каралган.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы менен көп өтпөй эле кайра толукталып иштелип чыгат деген жүйө менен артка кайтарылган.
Шерине