Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

"Үйдөн укол алган". Дарыдан кыйылган өмүрлөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери цефтриаксон дарысын сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок болгон тогуз адам катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, алардын бири өзүнө келе албай каза болгон.

Териштирүү маалында цефтриаксон дарысы өлкөгө Индия, Өзбекстан, Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусиядан киргени аныкталган. Анафилактикалык шок болгондордун көпчүлүгү ийнени үй шартында сайдырган.

"Тесттен өтмөйүнчө ичпеш керек"

Нарын шаарынын тургуну Жаркын Ибраева онкологиялык дарт менен акыркы эки жылдан бери алышып келет.

Коронавирус жугуп, шайманы кеткенде антибиотик алуу үчүн атайын текшерүүдөн өтүп, оор дартка чалдыкканын билген. Буга кошумча антибиотиктерге аллергиясы бар болуп чыккан. Ушундан улам ал пенициллин тобундагы дарыларды сайдыра албайт.

"Онкологиялык оору табылгандан кийин эки жолу операция болдум. Экөөндө тең антибиотик сая алышкан жок. Азыр ооругандан корком, тишимди дарылатсам же дагы башка эле бир оору менен догдурга барсам, сөзсүз антибиотиктерге аллергиям бар экенин айтып, эскертип турам. Саал жөтөлүп, мурундан суу акса эле антибиотик алганга ашыкпоо керек. Кээде айрым дарыгерлер "ушуну ич" деп жазып берип коюшу мүмкүн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер иштин көптүгүнөн чарчайбы же убактысы азбы, айтор адамдын өзгөчөлүгүнө карабай калган учурлар болот. Антибиотикти аллергиялык тесттен өтмөйүнчө ичпеш керек. Ар бирибиздин организмибиз кайсы бир нерсеге өзгөчө реакция кылышы мүмкүн. Айрыкча "мен ушул дарыдан айыккам" деген тааныш-билишке ишенбеш керек. Азыр мен тумоолоп калбаганга аракет кылып жатам. Алым кете баштаганда дароо сарымсак жеп, жылуу кийинип, эч кандай антибиотик ичпей эле айыккым келет".

Антибиотик жана анафилактикалык шок деген эмне?

Антибиотик - бактерияларды азайтып, аларды өлтүрө турган дары. Пневмония, кургак учук, сифилис өндүү бактериялык жол менен өрчүгөн ооруларды жеңүү максатында колдонулат. Күчтүүлүгүнө жараша бир нече муунга бөлүнөт. Ар бир адамдын организми антибиотиктерге өзгөчө реакция берет. Айрым кишилерде аллергиялык реакция күчөп кетип, анафилактикалык шокко алып келет.
Анафилактикалык шок - организмдин кайсы бир дарыга, тамак-аштын түрүнө өтө тез өрчүгөн реакциясы. Көп учурда ооруну сездирбөөчү дары-дармектерге же антибиотик тобундагы дарыларда болот. Киши дем ала албай, кан басымы күтүүсүз төмөндөп, эсин жоготуп, дары же уулуу зат канга кирери менен бир нече секундада каза болуп калышы мүмкүн.

Бир жылда төрт киши көз жумду

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек департаментинин маалыматында, 2022-жылы антибиотик сайдыргандан көп өтпөй анафилактикалык шок же аллергиялык реакция 14 кишиден катталып, алардын төртөө кайтыш болгон.

Быйыл январда Кыргызстанда тогуз адам цефтриаксон дарысын алгандан кийин анафилактикалык шок болуп, бири көз жумган.

Министрликтин Фармакологиялык көзөмөл кызматы дарыдан жабыркаган ар бир учурду иликтеп, каза болгондордун жакындарына байланышып, тийиштүү анализдер жасалган.

Аталган кызматтын жетекчиси Жылдыз Жумагулованын айтымында, дарынын кайдан, кантип өлкөдө сатылганы, бейтап аны кандай жол менен сайдырганына чейин иликтенет.

"Биз ар бир бейтаптын абалын кылдат иликтеп чыгабыз. Кайсы жерден ийне сайдырды, терс таасири кандай болду, кайсы ооруканага алып барышты, "Тез жардам" бригадасынын иш-аракети, айтор бардык маалыматты чогултабыз. Дары сайгандан кийин бейтаптын көңүлү айнып же башы ооруп кайрылса, ооруканалар дароо бизге кабарлашы керек. Дарыны кайсы жерден сатып алган, сырткы кутусу кандай, кайдан чыккан, серия номуру айтор баарын тактаганга аракет кылабыз. Бул маалыматтын баарын биздеги каттоодон өткөн дарылар менен салыштырып чыгабыз. Январь айында цефтриаксон сайдырып, анафилактикалык шок болгон 39дан 60 жашка чейинки ар бир бейтапты карап чыктык. Каза болгон адамдын үйүнө барып, кайсы дарыны кантип алганын сурадык. Көрсө тогуз адамдын бешөө дарыны үйүнөн эле тааныш медайымга сайдырткан экен. Тогуз бейтап алган дары Индия, Өзбекстан, Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусиядан келгени аныкталды. Азыр дарыга аралаштырган лидокаинди да текшерип жатабыз. Себеби, ал да аллергия кылышы мүмкүн. Дегеле үй шартында жеке эле цефтриаксонго эмес, башка дарылардан деле анафилактикалык шок болушу толук мүмкүн".

"90 жаштагы энесине кызынын өлгөнүн угуза албадык"

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин интернет сайтында кандайдыр бир дарыга терс реакция, мөөнөтү өтүп кеткен дарылардын сапаты жана баасы боюнча арыз-даттанууларды кабыл алган көзөнөк иштейт.

Аталган департаменттин кызматкерлерине ооруканалардан, бейтаптардан да кайрылуулар түшүп турат. Дарыдан кийин анафилактикалык шок болгон учурда департаменттеги Фармакологиялык көзөмөл кызматынын адистери бейтаптын үйүнө чейин барып текшерет.

Жылдыз Жумагулова былтыр дарыдан кийин квинке шишигине кабылып, каза тапкан учурлар тууралуу айтып берди.

"2022-жылы январь айында алтымыш жаштагы аял антибиотиктен аллергия болуп, үйүнөн каза болуп калган. 90 жаштагы энесин жалгыз карап, экөө эле жашачу экен. Кичине тумоолоп калып, курбусуна чалат. Курбусу ага телефондон эле бир дарынын атын айтат. Коңшусу экөө үйдүн жанындагы дарыканага барып, амоксициллин (антибиотиктин бир түрү) сатып алышат. Үйгө келип, бир таблеткасын ичкенден кийин эле аллергия болуп, квинке шишигинен жан берет. "Тез жардам" чакырганы менен алар деле сактай албай калган. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн үйүнө барганыбызда 90догу эне кызынын каза болгонун укпаптыр. Улам эле бизден "Кызым кайда, качан келет?" деп сурап жатты. "Орусияга кетти" дегендей жооп айтып коюшту, ушул окуя эсимде калып, мени көпкө чейин түйшөлтүп жүрдү. Анафилактикалык шок болгон учурду иликтегенде биз үчүн дарынын кутусу, дарыканадан сатып алгандагы кассалык чекке чейин маанилүү. Себеби, биз ошол чек болгондо гана дарыканаларга кандайдыр бир талап коё алабыз. Көп учурда чекти албай эле кетишет эмеспи".

Азык-түлүктүн курамындагы дарынын кесепети

Жылдыз Жумагулованын айтымында, учурда дары менен багылган малдын эти жана сүтү, балык ж.б. азыктар да абалды оорлоштуруп жатканын белгиледи.

"Бизде азыркы тапта малды, балыкты, ал тургай аарыларды да антибиотиктер менен дарылап жатпайбызбы. Тамак-аш аркылуу антибиотик канга аралашып жатат. Организмде ага карата туруктуулук пайда болот. Ооруганда аны тоготпой, күчтүү антибиотикти талап кылат. Анан айрым дарыларды сайганда же ичкенде аллергиялык реакция болуп, анафилактикалык шокко чейин жетүүдө. Ошондуктан, өлкөдө фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүшсө жакшы болмок".

Адистер антибиотиктерди үй шартында, дарыгердин рецепти жок сайдыруудан оолак болууга чакырууда. Укол алуудан мурда мурда ар бир антибиотикти териге тамызып көрүп, кандайдыр кычышуу, ачышуу сыяктуу реакция болбосо гана сайдырууну эскертип келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-2021-жылдары антибиотиктен улам аллергиялык реакция күчөп же анафилактикалык шок болгондор көп катталган. Буга коронавирус пандемиясы себеп болушу мүмкүн деген божомол бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG