"Жашыл планета" берүүбүздүн бул чыгарылышында жайлоо менен жайыттардын абалы тууралуу кеп кылабыз.
Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 50дөн ашуун киши жайлоодо чогулду. Алар «кытай компаниясы ишин токтотсун» деген талап коюшту. Буга бир апта мурда малчылар жүздөй кой-козу кырылганын айтышууда. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бо
Францияда экология министри, президенттин партиялашы Франсуа де Рюжи өз ыктыяры менен кызматтан кетти.
Кишини жүзүнөн таанычу акылдуу айнек. Жынысын өзгөрткөн ургаачы балык. 113 миллион жыл мурдагы лилия гүлү. Бээжиндеги 11,3 миллиард долларлык мега-аэропорт.
Дөө ташбакалардын эркеги менен ургаачысы 115 жыл «ак никеде» жашады. Ооганстандагы америкалык жоокерлер торгойдой чалгынчы дрондуу болушту. Эстонияда жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот. Балдардын тиши оорубашы үчүн таттууга көндүрбөңүз.
Бала 1 жашка чейин мал жандуу үйдө чоңойсо, астма сейрек болот. Чымчыктар бак-дарактуу шаарларды сүйүшөт. Марска алгач аялдар учурулушу мүмкүн. Гейделберг жана Кэмбриж университеттери көөнө кол жазмаларын түгөл санариптештирет.
«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.
Кыргызстанда жылына жүрөк, дем алуу органдарынын кемтиги менен миңдеген балдар төрөлөт. Алардын 20 пайызына гана медициналык жардам берилет. Калганы кезекке турат же өлүмгө дуушар болот.
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.
Кытайдагы түрмө чыры. Борбор Азия Кытай менен Орусиянын чеңгелинде. Кыйналган ак аюунун арманы. Батыш басма сөзүнө баяндама.
Тишин жакшы тазалагандар Альцгеймер дартына аз чалдыгат. Кардан ток өндүрчү жабдык жасалды. Баланы шапалак менен чапканга караганда, китеп окуп берип тарбиялаган оң. Түштүк Корея жыл сүрүүдөгү чаташтыктан чыгуу үчүн жол издеп жатат.
Германиянын Тюбинген университетинин окумуштуулар тобу Нарын дарыясында илимий изилдөө жүргүзүүдө. Алар дарыянын саясий экологияга тийгизген таасири, үмүт менен коркунуч сыяктуу эмоцияларды иликтеп жүрүшөт. Төрт жылга солулган изилдөөнүн жыйынтыгы ушул айдын этегинде чыгат.
Дагы жүктөңүз