Каракол шаарындагы зоопаркта 150дөн ашык жаныбар бар. Пандемияга байланыштуу Каракол шаарында карантин жарыяланып, зоопарк көрүүчүлөргө эшигин жапты. Абалга байланыштуу зоопарктын жашоочулары ачка калуу коркунучунда турат.
Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өткөн жумада коронавируска байланыштуу «Айгүл тоо» коругуна туристтер киргизбөө тууралуу буйрукка койду. Бул чечим элдин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынганы кабарланды.
Коронавируска байланыштуу кирген карантинден улам Бишкектин көчөлөрү бош калды. Машинелердин саны да азайды.
Кыргызстандыктар быйылкы жазды үйдөн тосууда. Коронавируска байланыштуу көчөдө басып, парк аралагандар сейрек. Айрым коомдук жайлар жабык турат.
22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү (World Day of Water) белгиленет. Мындай чечим 1992-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган.
Биринчи топтогу майып Кеңеш Пиназаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүсүнө карабай акыркы 5 жылдан бери Арстанбап токой чарбасын жетектеп келет. Аны бул кызматка майып экендигине карабай аймактагы токой пайдалануучулар ассоциациясы сунуш кылган.
"Messy Moment Media" компаниясынын директору, 25 жылдан бери жаратылышка байланыштуу даректүү тасмаларды дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан, "Эмми" сыйлыгынын сегиз жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач Кыргызстанга келип, Нарындагы Борбор Азия университетинде лекция окуду.
20-февралда Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат көргөзмөсү өттү. Акциянын максаты - ыш маселесине бийликтин көңүлүн бурдуруу. Бирок иш-чарага таанымал сүрөтчүлөр дээрлик катышкан жок.
Кыргызстанда экологиялык маселелер жылдан жылга курчуп баратат. Бишкекти чүмкөгөн кара ыш быйыл да коомчулукту убайымга салып турган кези. Шаардын калкы кандай аба менен дем алып жатат? Кара түтүндүн зыянына көңүл бурган киши барбы?
Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-январь, 2020-жыл).
2019-жылдын 26-ноябрда Ысык-Көлдүн сырт өрөөнүндө аркар аткан адам кармала элек.
Дагы жүктөңүз