Учурда мындагы жаныбарларга чөп, эт, сабиз, капуста жана жер-жемиштер жетишсиз болуп турат. "Азаттыктын" сүрөт түрмөгү менен Каракол зоопаркынын абалы менен таанышыңыз.
Каракол: зоопарктагы жаныбарларга азык керек
Каракол шаарындагы зоопаркта 150дөн ашык жаныбар бар. Пандемияга байланыштуу Каракол шаарында карантин жарыяланып, зоопарк көрүүчүлөргө эшигин жапты. Абалга байланыштуу зоопарктын жашоочулары ачка калуу коркунучунда турат.
![Даша аттуу аюу сабиз жеп жатат. ](https://gdb.rferl.org/b7108cbe-f59e-47bb-9112-3a71be6927f7_w1024_q10_s.jpg)
1
Даша аттуу аюу сабиз жеп жатат.
![Каракол зоопаркында 150дөн ашуун жандык бар. Алардын арасында жырткыч жаныбарлар, тоо текелери, сүт эмүүчү жандыктар жана канаттуулардын түрлөрү кармалып турат. ](https://gdb.rferl.org/1adf8a1b-7e40-4985-b191-33c1075f5261_w1024_q10_s.jpg)
2
Каракол зоопаркында 150дөн ашуун жандык бар. Алардын арасында жырткыч жаныбарлар, тоо текелери, сүт эмүүчү жандыктар жана канаттуулардын түрлөрү кармалып турат.
![Симба аттуу арстан. ](https://gdb.rferl.org/12ed7f83-1b01-473e-a6f2-1cfda26a89b3_w1024_q10_s.jpg)
3
Симба аттуу арстан.
![Зоопарктагы жаныбарларга бир айлык тамагын камдоого (витаминдерден сырткары) 500 миң сом жумшалат. Айына үч тоннага жакын эт кетет. Ал эми кыштан чыгыш үчүн 5-4 миң түк чөп керектелет.](https://gdb.rferl.org/3495c32a-24f8-42c2-ac2e-e715d2896c1e_w1024_q10_s.jpg)
4
Зоопарктагы жаныбарларга бир айлык тамагын камдоого (витаминдерден сырткары) 500 миң сом жумшалат. Айына үч тоннага жакын эт кетет. Ал эми кыштан чыгыш үчүн 5-4 миң түк чөп керектелет.
![Эки өркөчтүү төө. Акыркы жылдары зоопаркка бөлүнгөн финансылык каражат кескин азайган.](https://gdb.rferl.org/ebc4ae87-ebd4-4a62-afe9-f9be6667f717_w1024_q10_s.jpg)
5
Эки өркөчтүү төө. Акыркы жылдары зоопаркка бөлүнгөн финансылык каражат кескин азайган.
![Бүркүт.](https://gdb.rferl.org/61e15ef1-e7a7-464a-91b5-fc74f1ecd63d_w1024_q10_s.jpg)
6
Бүркүт.
![Зоопаркка бөлүнгөн каражат азайгандыктан жаныбарлар кармалган вальерлерди оңдоп-түзөп, жаңы тийиштүү жабдыктарды сатып алууга зоопарктын чамасы жетпей жатат.](https://gdb.rferl.org/2dac995a-c1d3-4ca0-82cd-eea53b6558c4_w1024_q10_s.jpg)
7
Зоопаркка бөлүнгөн каражат азайгандыктан жаныбарлар кармалган вальерлерди оңдоп-түзөп, жаңы тийиштүү жабдыктарды сатып алууга зоопарктын чамасы жетпей жатат.
![Капаста жата берип зериккен Даша. ](https://gdb.rferl.org/13dc4792-e9b4-4529-9812-10c7841c323d_w1024_q10_s.jpg)
8
Капаста жата берип зериккен Даша.
![Учурда зоопаркта сегиз киши иштейт. Бирок бул жетишсиз.](https://gdb.rferl.org/77a1a29e-a11c-4208-8445-94eea0b8544b_w1024_q10_s.jpg)
9
Учурда зоопаркта сегиз киши иштейт. Бирок бул жетишсиз.
![Жумуртка басып жаткан үкү. ](https://gdb.rferl.org/d47989ed-ed30-4a7e-969f-5cd8f98643c4_w1024_q10_s.jpg)
10
Жумуртка басып жаткан үкү.
![Зоопаркта үч аю бар. ](https://gdb.rferl.org/edcf40ac-cbeb-400d-b371-c35f737a4094_w1024_q10_s.jpg)
11
Зоопаркта үч аю бар.
![Зоопарктын кире бериши. ](https://gdb.rferl.org/105679d7-a38c-4890-bc29-e7d054461124_w1024_q10_s.jpg)
12
Зоопарктын кире бериши.
![Каракол шаарындагы карантинден улам зоопарк көрүүчүлөрсүз калды. ](https://gdb.rferl.org/4b48c58c-2dbc-4666-b4c2-de904d0cb459_w1024_q10_s.jpg)
13
Каракол шаарындагы карантинден улам зоопарк көрүүчүлөрсүз калды.
![Учурда зоопарктагы жаныбарларга чөп, эт, сабиз, капуста жана жер-жемиштер жетишсиз болуп турат. Ал арада карантинге жабылып, зоопарк күнүмдүк каражатынан да ажырады. ](https://gdb.rferl.org/75b2dbc4-6022-4bc6-bcf8-4d803d64639b_w1024_q10_s.jpg)
14
Учурда зоопарктагы жаныбарларга чөп, эт, сабиз, капуста жана жер-жемиштер жетишсиз болуп турат. Ал арада карантинге жабылып, зоопарк күнүмдүк каражатынан да ажырады.
![Азыр зоопарктын коммуналдык төлөмдөргө болгон карызы бар экенин зоопарктын директору Салтанат Сеитова билдирди. ](https://gdb.rferl.org/d6a96510-689d-4b97-b3a8-ec306ae6c3e2_w1024_q10_s.jpg)
15
Азыр зоопарктын коммуналдык төлөмдөргө болгон карызы бар экенин зоопарктын директору Салтанат Сеитова билдирди.
![ Бул зоопаркка жаныбарларды көбү Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан алынып келинет. Жаз айларында канаттуулар жер которуп, арасында уча албай калгандары дал ушул жерге өткөрүлүп берилет.](https://gdb.rferl.org/baf2ba75-dc92-4663-b4ea-f981f23bd026_w1024_q10_s.jpg)
16
Бул зоопаркка жаныбарларды көбү Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан алынып келинет. Жаз айларында канаттуулар жер которуп, арасында уча албай калгандары дал ушул жерге өткөрүлүп берилет.
![Зоопарктагы эскилиги жеткен чакалар. ](https://gdb.rferl.org/6421fe77-28b9-49da-b826-9d5405eae4a6_w1024_q10_s.jpg)
17
Зоопарктагы эскилиги жеткен чакалар.
![Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири зоопарктын кызматкерлеринин апрель айындагы айлыгын төлөп берүүнү убада кылганын зоопарктын директору "Азаттыкка" билдирди. ](https://gdb.rferl.org/205289da-555a-4523-a565-64dc5fad74b1_w1024_q10_s.jpg)
18
Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири зоопарктын кызматкерлеринин апрель айындагы айлыгын төлөп берүүнү убада кылганын зоопарктын директору "Азаттыкка" билдирди.
![Азыр зоопарктагы жаныбарларга тамак-аштан сырткары, алар кармалып турган вольерлерди оңдоп-түзөөгө да каражат керек.](https://gdb.rferl.org/1df583b7-9c80-4bce-88bd-340b2b8032a3_w1024_q10_s.jpg)
19
Азыр зоопарктагы жаныбарларга тамак-аштан сырткары, алар кармалып турган вольерлерди оңдоп-түзөөгө да каражат керек.