Кыргызстанда соңку кезде жапайы айбандардын калктуу конушка түшкөн учурлары катталууда.
Булганыч аба адамдын дем алуу органдарын эле жабыркатпай, психикасына да оор таасир этип, салмагын арттырат, акыл-эсти алсыратат.
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.
Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту. Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылышы керек экенин айтышууда. Кийинки кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарында бул демилгени колдоо
Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган жаралуу илбирс Бишкекке жеткирилди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, ак илбирске ок тийген. Бул Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен өткөн кеңешмеде аныкталды.
Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган ак илбирс Бишкекке алып келинди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, учурда ал Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, текшерилип жатат.
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт уланып жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө жыйырмадан ашуун адам, миллиондогон жаныбар өлдү.
Дүйнөгө аты чыккан кайберендердин Кыргызстандагы саны 17 миңге жетет. Анын дээрлик жарымы Нарын облусунда. Жыл сайын бул жапайы жаныбарга санак эки жолу жүрөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаменти жүргүзгөн быйылкы кышкы санакка кабарчыбыз Мирлан Кадыров да күбө болду.
Кара-Суу районундагы Карагур айылынын тургундары Жол-Чырак кениндеги көмүр казуу ишине нааразы.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты.
Зарлык Нышан уулу экологияга зыян келтирбеш үчүн ток менен жүгүргөн автоунаа сатып алган. Тактап айтканда ал үч жылдан бери "Ниссан Лиф" үлгүсүндөгү электромобиль айдайт. Бир жолу кубаттаганда 120 чакырымга чуркаган автоунаанын баасы 10 миң доллар турат.
Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомдун кызуу талкуусунда. Эл арасында буга автоунаалардын газдары, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда деген пикирлер бар
Дагы жүктөңүз