Борбордогу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сансыз Мирзираимовдун жеке көргөзмөсү өттү. Музейге өнөр ээсинин соңку 15 жыл ичинде тарткан 55 тандалма эмгеги коюлду. Мирзираимов эмгектерин эркин темаларда иштеп, абстракция, авангард, модерн стилдерине басым жасайт. дун жеке көргөзмөсү өттү. Музейге өнөр ээсинин соңку 15 жыл ичинде тарткан 55 тандалма эмгеги коюлду. Мирзираимов эмгектерин эркин темаларда иштеп, абстракция, авангард, модерн стилдерине басым жасайт.
Таңкы закым, махабаттын күбөлөрү жана музалар

1
Сүрөтчү Сансыз Мирзираимов бул көргөзмөсүн мындан эки жыл мурун 40 жашка толгондо өткөрүүнү каалаган. Бирок көртирликке алаксып эмгектери даяр болгон эмес экен. Эми убакыт-сааты быйыл чыгып отурат. Мына ошондуктан да автор көргөзмөнү “Убакыттын баасы” деп атаган.

2
Көргөзмөгө Мирзираимовдун 15 жыл ичинде жараткан 55 эмгеги коюлган.

3
Музейдин чоң залдарынын бирине илинген сүрөттөрдүн көпчүлүгү адам турмушуна, табиятка арналган. Айрыкча эмгектердин ичинен айыл элестерин, андагы күнүмдүк тиричиликти көп көрүүгө болот. Сүрөтчү муну айылда чоңойгондугуна, бала кезден көкүрөгүнө кыттай уюп калган таасирлерине байланыштырат.

4
Мирзираимовдун "Кошунамдын үйү" аталган эмгеги.
Автор эмгектерин эркин темаларда иштеп, абстракция, авангард, модерн стилдерине басым жасайт. Анын сүрөттөрүндө түс негизги роль ойнойт. Башкача айтканда ал түстөрдү чебер колдонуп, айкалыштырып, гармония жарата алганы менен көркөм өнөр чөйрөсүндө таанымал.

5
“Таңкы закым” аталган бул эмгекте сүрөтчү өз айылын тарткан. Анда ал өз үйүнүн жана коңшуларынын үйүнүн короо алдындагы көрүнүштөрүн абстракция стилинде чагылдырылган.

6
“Эски шаар Фамагуста” аталган бул эмгек автордун Кипрдеги сапарында жаралыптыр.

7
“Музалар” аталган эмгек.

8
“Махабаттын күбөлөрү” аталган эмгек.

9
Бул сүрөт “Лавандалар” деп аталат. Мында жаратылышта ээн-эркин жүргөн канаттуулар жана күзгү дарактар тартылган. Жакшылап байкаган көрүүчү дарактардын бутактарынан анын бийлеп тургандай көрүнүшүн көрөт.

10
Сүрөтчү учурда өлкөдө көркөм өнөр ээлеринин эмгеги бааланбай жатат дейт:
“Мен деле чет өлкөлүктөргө сүрөттөрүмдү сатам. Бул эми айласыздан жасалган кадам. Себеби, каражат таап, үй-бүлөнү багуу керек. Бизде сүрөт өнөрү каралбай келе жатат. Эл башындагылар кайдыгер мамиле жасап, көңүл бурушпайт. Биздин өлкөдө таланттуу сүрөтчүлөр көп. Бирок ошолордун мыкты эмгектери чет өлкөлүктөргө сатылып жатканы түшүнгөн киши үчүн өтө өкүнүчтүү. Бизде заманбап музей салып, ошол мыкты эмгектерди өзүбүз алып калсак эмнеге болбосун? Мамлекет мыкты эмгектерди өзүбүздүн музейлерге алып калса, биздин келечек үчүн деле жакшы болмок. Кийинки муундагы сүрөтчүлөр таасирленмек. Башка мамлекеттерде маселен, коңшу Казакстан, Өзбекстанда сүрөтчүлөрдүн эмгектерин мамлекет сатып алат же сатышканга аракет кылат. Бизде мамиле башка. “Сүрөтчү ачка жүрүшү керек” деген түшүнүктөгүлөр көп. Жашоо-шарты өтө оор сүрөтчүлөр көп арабызда. Муну жашырганда эмне?

11
42 жаштагы кыл калем ээси көргөзмөсүн өз каражатына уюштурган. Ал бул менен эмгектерин сатууну максат кылбаганын, чыгармачыл отчету катары гана уюштурганын кошумчалады.

12
Мирзираимовдун Курманжан датканын 100 жылдыгында карата тарткан бир канча эмгеги Гапар Айтиев атындагы музейде сакталуу. Мындан сырткары коңшу өлкөлөрдөгү жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекционерлерде бар.

13
Музейге көрүүчү болуп келип, сүрөтчүнүн эмгектери менен таанышкан шаар тургуну Мария Мовчан өз таасирлери менен бөлүштү:
“Автордун бардык эмгектерин кызыгып көрүп чыктым. Бир канчасы мага өзүнө ылайык стилдери менен жакты. Айрыкча анимализ мотивиндеги эмгектери мени өзгөчө таасирлентти. (Анимализм – бул көркөм өнөрдөгү жаныбарларды чагылдырууга багытталган стиль) Маселен, төө, буйвол жана бир канча куштардын тулку бою түшүрүлгөн сүрөттөрдүн ар бири кандайдыр бир табышмак катып тургандай туюлду. Мындан башка да бир катар эмгектери терең ой жүгүртүүгө түртөт экен”.

14
Мария - кесиби боюнча архитектор. Ал бул көргөзмө өзүнүн кесиби менен тыгыз байланышта болгондуктан мында кесиптеш курбусу менен келген.

15
Бул эмгек "Таң II" деп аталат.

16
Көргөзмөгө келген белгиүү сүрөтчү Кадыр Беков өнөрлөш инисинин чыгармачылыгы тууралуу буларды айтты:
“Ал өз муунундагы сүрөтчүлөрдөн, деги эле жергиликтүү сүрөтчүлөрдөн живопись жанрында мыкты иштегени менен айырмаланып турат. Тематикасы боюнча улуттук баалуулуктарга басым жасайт, ошондой эле жалпы эле азиялык элдердин күнүмдүк турмуш-тиричилигине мүнөздүү темаларга кайрылат. Ал жанрдык жактан да өзүн чектебейт. Мисалы бул жерден натюрморт, композицияларын да көрүүгө болот. Аны сүрөтчү катары да адам катары да өтө урматтайм. Кыргызстанда мындай кыл калем ээлери сейрек”.

17
Сүрөтчү Кадыр Беков көргөзмөдө.

18
Сүрөтчү Сансыз Мирзираимов 1982-жылы 5-февралда Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. 1999-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип, Чуйков атындагы төрт жылдык сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүндө окуган. Абдрай Осмонов, Алыкул Биймырзаев, Бектен Усубалиев өңдүү белгилүү сүрөт чеберлеринен сабак алган. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө бир нече көргөзмөлөрүн уюштурган. Учурда Бишкектеги Евразиялык Эл аралык Университетте дизайнерлик багытта билим алып жатат.
Шерине