22-майда Бүткүл дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн күнү белгиленет. "Азаттык" бул күнгө карата атайын сүрөт баян даярдады.
Cоңку маалда Бишкектин тургундары социалдык сайттарда шаарда жылан пайда болду деп, ар кай жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялашты. Баш калаанын мэриясы эгерде сойлоп жүрүүчүлөрдү көрсөңөр 161 номерине чалгыла деп кеңеш берет.
Кийинки жугуштуу оору Амазония чытырман токойлорунан жайылышы мүмкүн. Мындай тынчсыздануусу менен бразилиялык эколог, активист Давид Лапола “Франц-пресс” агенттигине бөлүштү. Ал адамзат жапайы жаныбарлардын жашоосуна кийлигише берсе, COVID-19дан да жаман оорулар жугушу мүмкүн экенин белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел, жер көчкү жүрүү коркунучу тууралуу азыр да эскертүүдө.
Бишкек-Ош жолунун жээги кызыл килем төшөлгөн гүлгө оронду. Кызгалдак талаасы трассанын Базар-Коргон, Ноокен, Сузак аймактарында жайгашкан. Гүлдөрдүн ачылганына бир жумадан ашты.
Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусундагы Сардаба суу сактагычынын жырылып кетиши коңшу Казакстанга да кесепетин тийгизди.
Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери экологиялык кырдаал кандай өзгөрдү? Бишкек баш болгон ири шаарларда аба тазарууда, бирок карантин аяктаганда мурдагы калыбына келеби?
Дуйнө эли коронавирус пандемиясынын запкысын тартып жаткан учурда Кыргызстанга да бул алааматтын залакасы тийүүдө.
Быйыл Ысык-Көлгө келген ак куулар адаттагыдан көп. “Сүйүүнүн символу» саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашты.
9-10-апрель күндөрү кар жаап, үшүк жүргөнү дыйкандарды бир топ чыгымга учуратты. Эрте айдалган жазгы эгиндер жана гүлүн төгүп, мөмө байлап калган бактарды үшүк алып, чыгымдарды эсептөө боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлдү.
Токойдогу өрт Чернобыл өзөктүк ишканасына улам жакын каптап келүүдө.
Борбор Азиянын айрым аймактарында алма-өрүк гүлдөгөн маалда кар жаады. Бишкекте кар менен кошо кыштын илеби уруп атат. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "адегенде коронавирус, анан кар... Табият бизге таарынды окшойт" деп жазышты.
Дагы жүктөңүз