Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү эл Сыр-Дарыя жана Жизак облустарынын коопсуз аймактарына көчүрүлгөнүн билдирди.
“Азаттык” радиосуна байланышкан айрым тургундар Ташкент, Анжиян облустарындагы тууган-уруктарынын үйүнө да убактылуу көчүп жатканын айтышты.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги апаатта жалпы жонунан 17 миң 300 киши жараат алганын, алардын 56сы ооруканага жаткырылганын маалымдады.
Сардаба (өзбекче "Сардоба") суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон.
Кырсык болгон күнү мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев баштаган бийлик өкүлдөрү тик учак менен барып, абалды өз көзү менен көргөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Бардык күчтү ушул жакка сарптайбыз. Абал жакшырмайынча, мен жана башка бир катар жетекчилер ушул жерде болобуз. 2020-жыл оор келди. Пандемия деле бир балээ болду. Мына ушул сыноону сабыр менен жеңишибиз керек. Ката кетирүүгө акыбыз жок”, - деди Мирзиёев.
Өкмөт апаатка күчтүү жамгыр жана шамал себеп болгонун билдирди. Суу сактагычтын канча бөлүгүнө зыян келгени жөнүндө азырынча маалымат жок.
Интернетке айылдарды, жолдорду суу каптаганы тартылган видеолор, сүрөттөр тарады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу ташкыны негизинен эгин талааларын кыйратканын билдирди.
Өзбекстандагы башка облустардан Сыр-Дарыяга гуманитардык жардам жөнөтүлө баштады.
Азырынча апааттын зыяны эсептеле элек. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтердин Телеграм-каналдары улам маалыматтарды жарыялап жатат.
Ташкындын кесепетин жоюу үчүн суунун агымы Акалтын районун аралап өткөн Абай каналына бурулуп, Жизак облусундагы Арнасай көлүнө айдалды.
Сардаба суу сактагычындагы дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптады. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлдү жана 5,5 миң адам эвакуацияланды.
"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, көчүрүлгөн элге Мактарал районунун борборундагы Мырзакент шаарчасынан үч мектеп даярдалды.
Кырсык каптаган дамбаны куруу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. “Чөл ортосундагы деңиз” деп сыпатталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 930 миллион куб метр. Дамбанын бийиктиги 28,8 метр.
Министрлер кабинетинин 2020-жылдын 29-январындагы “Сардоба суу сактагычында чакан ГЭС куруу” жөнүндөгү инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу чечимине ылайык, “Өзбекгидроэнерго” ишканасы чакан ГЭС курулушун баштаган.
“Сардаба суу сактагычында чакан ГЭС куруу” жөнүндөгү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу 2020--2022-жылдарга мерчемделген, баасы 21,3 миллион евронү түзөрү маалымдалган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.