Пакистандыктардын жапырт күн панелдерине өтүп жатканы мамлекеттик энергетика компаниясынын башына түйшүк түшүрдү. 200 миллион киши жашаган өлкөдө электрэнергиясынын баасы өтө кымбат болгондуктан, карапайым калк Кытайдан алынган арзан күн панелдерин жапырт сатып алууда.
Климаттын өзгөрүүсүнөн, кургакчылыктан улам сугат мезгилинде суу таңкыстыгы күчөдү. Баткендиктер суу таңкыстыгын чечүү, жайытты жакшыртуу, кайрак жерлерге суу жеткирүү үчүн бир топ жылгаларга жасалма мөңгү тоңдуруп жатышат.
Орус армиясы Каспий деңизинен Украинага сокку уруп жатканы жөнүндө маалымат аскердик аракеттер дүйнөдөгү эң чоң көлгө экологиялык залакасын тийгизеби деген кооптонууну күчөттү. Москванын коңшусуна кол салганы адам өмүрүн алгандан сырткары экологиялык трагедияга түртүшү ыктымал.
Ала-Арча жаратылыш паркы Кыргызстандагы туристтер көп каттаган жер. Быйыл ноябрдын башында жаратылыш коругуна кар түшүп, капчыгай кышкы кереметке бөлөнүптүр.
Азербайжандын баш калаасында БУУнун климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган COP29 жыйыны башталды. Окумуштуулар лидерлерди абага зыяндуу заттарды, асыресе көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган казылма отунду энергиянын таза булактарына алмаштыруу жаатында конкреттүү чечимдерди кабыл алууга үндөшүүдө.
“Данисте” бул жолу Баткен облусунун Ак-Терек айылынан журт которууга аргасыз болгон экологиялык мигранттар тууралуу айтып берет. 300дөй түтүн жашаган айылдын 10% чукулу талкаланган үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.
Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды.
Бишкекте Эрдоган менен Жапаров менен жолукту. АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат. Сот депутаттыкка талапкер Б. Дүйшөналиевди тил кат менен камактан бошотту. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди.
Кыргыз Улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин доценти Алмагүл Кендирбаева кыйылган дарактар Нарын шаары үчүн чоң жоготуу экенин айтты.
Нарын шаарынын борбордук аянтындагы камерадан тартылган видео. 2024-жылдын 12-сентябрынан 5-ноябрына чейинки убакыт алынган.
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 200дөн ашты. Ондогон адам дайынсыз. Баарынан көп Валенсия аймагы жабыркады. 29-октябрда катуу жааган жамгырдан улам башталган суу ташкын бир нече саат ичинде көчөлөрдү каптап, автоунааларды, турак жайларды агызып кеткен.
Дагы жүктөңүз