Ал тапта эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова абактан кат жазып, коюлган айыптарды четке какты. Ал Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу кармалып, 19-майга чейин камакка алынган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирип келет. Бирок бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда адам укугу боюнча маселе курчуп жатканын белгилөөдө.
Эл аралык уюмдун корутундусу
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жумуш тобунун мындай бүтүмүн уюмдун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси 2-апрелде жарыялады. Бирок азырынча буга расмий комментарий боло элек. Өз корутундусунда топ Кыргызстанды Акылбек Орозбеков, Сапарбек Акунбеков, Тыныстан Асыпбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажибек уулу жана Жоодар Бузумовго кенемте алуу сыяктуу укуктарын колдонууга көмөктөшүүгө үндөгөн.
БУУнун жумуш тобу Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренелерин бузганын белгилеген.
Жактоочу Улан Сейитбеков Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго байланыштуу сот өкүмүн жокко чыгаруу боюнча эл аралык "Акыйкаттык үчүн» Клуни фонду (CFJ) иштеп жатканын билдирди:
"Фонд Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылган. БУУнун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу өзүнүн пикирин биздин мамлекетке жөнөтүптүр. Өзүнүн жол-жобосуна ылайык ага алты айдын ичинде жооп бериши керек. Бул сунуш берүүчү гана мүнөзгө ээ, анткени Кыргызстан эгемендик алгандан кийин адам укуктарына байланыштуу бир катар милдеттенмелерди алган. Бизге маалым болгондой, сунуш март айында берилген".
Кыргызстандын Жогорку соту февраль айында журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын адвокаттарынын арызын карап, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырган. Ага ылайык, Махабат Тажыбек кызы алты жыл, Азамат Ишенбеков беш жыл абактагы жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бейшекеевага үч жылдык пробациялык жаза чегерилген.
Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана буга чейин кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин соттук териштирүүдөн кийин журналисттердин ичинен жетөө "аракетинде кылмыш курамы жок" деген негизде акталган.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып келет.
Журналисттерди коргоо комитетинин (The Committee to Protect Journalists - CPJ) ушул жылы 16-январда жарыяланган сөз эркиндигинин абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жагдай жакшы эместиги белгиленген. Андан бери дагы бир катар активисттер, журналисттер суракка чакырылып, айрымдарына кылмыш иши козголду.
"Кылмыш жасаган эмесмин"
Ушу тапта тергөө абагында жаткан эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын коомчулукка жазган катын активист Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Катта ал эч кандай кылмыш жасабаганын, коомчулуктун укуктук, саясий, экономикалык, социалдык маселелерин гана чагылдырып келгени жазган.
“Ал эми мага козголгон кылмыш иши боюнча айтсам, КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүмү жана 330-беренесинин 1-бөлүгүнө жаткан кылмышты эч качан жасаган эмесмин жана жасабайм. Муну тараптардын бардыгы жакшы билишет. Коомчулуктун каалаганын каалагандай формада жазып, көкөйлөрүнө тийген үчүн асмандан-жерден алып, кылмыш иш “токулду”. Муну өздөрү дагы, юристтер, адвокаттар дагы, укук коргоо тармагы менен тыгыз иштешкен адам катары өзүм дагы жакшы билем”, – деп айтылат катта.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон. Бишкектин Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.
Адвокаттар Мамыркулованын бөгөт чарасына байланыштуу шаардык сотко даттанышкан, бирок ал качан каралары азырынча белгисиз.
Жактоочу Акынбек Ногоевдин айтымында, апелляциялык арыз шаардык сотко 1-апрелде жөнөтүлдү. Учурда соттук коллегиянын түзүмү каралып жатканы айтылды.
"Ал кишинин ден соолугу жакшы деп айта албайм. Өзү мурдатан эле ооруп келген. Бирок ооруп жатканын сыртына чыгарбаганга, билгизбегенге аракет кылып жатат. Биз жактоочу болгондуктан сезип турабыз, бирок ден соолугуна арызданган жок. Ал эми коюлган беренелер боюнча, бул жерде түздөн-түз кылмыш курамы жок. Себеби соттук практика боюнча башаламандыкка чакыруу кылмышынын курамы болуш үчүн массалык жыйындарда чакырык жасаса же ошол жерде жазса айтса болот эле. Экинчиден, анын бир дагы постунда өрттөө, талкалоо же башка кылалы дегендей башаламандыкка чакыруунун белгилери жок. Ал болгону 2022-жылы чек арадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы жетекчилердин, блогерлердин айтып-дегендери 2025-жылы өзгөрүп кеткенине байланыштуу гана "бул кандай болуп калат" дегендей суроо узаткан", - деди жактоочу.
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
"Ойлонулбаган сөздөн от чыгышы мүмкүн"
Ушул тапта кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Евробиримдиктин институттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча да талкуу жүргүзүп жатканы маалым болду. Ага катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан аймакта эң демократиялуу өлкө бойдон каларын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер Кыргызстанга аба-суудай керек экенин белгилеп, эл аралык уюмдардын сынына терикпей турганын айтты, Мамыркулованын окуясы башкаларга сабак экенин белгиледи.
"Пикир деген пикир. Аны мурда өз алдынча отурганда ашканада айтып койчусуң. Кээ бир пикирден, ойлонулбаган сөздөн чоң от чыгып, мамлекетке зыян келиши мүмкүн. Биздин башыбыздан өткөндөй, этностук араздашуу, биримдикке, ынтымакка, башка өлкөлөр менен мамилебизге кыянаттык кылгандарга мурда эле айтылган. Мындай маселелерде ойноп сүйлөсөңөр да ойлонуп сүйлөгүлө. Канышай Мамыркулованын окуясы дагы башкаларга сабак. Аны дагы жазалоо маселеси эмес. Эжесин көрүп, инилерине, сиңдилерине сабак болсун. Ашканадагы кеп башка, социалдык тармакта 7-8 миллиард элге сүйлөгөн өтө опурталдуу. Мындай аракетке мамлекет каршылыгын көрсөтөт. Муну сөз эркиндиги менен алмаштырып албоо керек. Бул “коомдук кастыкты күчөтүү” жана буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинде жазасы да көрсөтүлгөн", - деди Байсалов.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
Журналисттердин камалышы боюнча былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптаган.
“Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”, - деп айткан Жапаров.
Юридикалык позиция жана түшүнүк
Кыргызстандагы "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков жалпы бийликтин мындай мамилесинен улам курч темаларды жазгандар азайып, өзүн өзү цензуралоо күчөдү деп эсептейт.
"Юридикалык позиция жана түшүнүк деген бар. Ага коомдук пикир, идеология, саясий кызыкчылыктар кирет. Бул экөө эки башка мейкиндик. Юридикалык жактан бирөөнү тарбиялайт элек, башкага үлгү болсун деген түшүнүк жок. Мыйзамда, укукта ар бир киши өзүнүн жасаган иши боюнча гана жооп берет. Орусча айтканда "Бей своих, чтобы чужие боялись" деген принцип бул жерде болбошу керек. Ал эми эл аралык уюмдардын сунушун кыргыз бийлиги эске алабы, жокпу, айта албайбыз. Эске алынган дагы, алынбаган дагы жагдайлар болгон. Кечирип койгула, бул ички ишибиз деген дагы позиция бар. Бийликтин үч бутагы формалдуу жагынан болсо дагы бири-бирине баш ийбейт, ошого биз аларга буйрук бере албайбыз деген дагы жүйөнү айтышы мүмкүн. Ал эми Канышай Мамыркулованын азыркы абалы кооптондурат жана өкүндүрөт. Биз дагы бөгөт чарасын өзгөртүп берүүнү өтүнөт элек. Ал эми тарбия дегенде, баарыбыз эле өзүн өзү цензуралоо күчөп жатканын көрүп жатабыз. Редакциялар, журналисттер дагы өтө кооптуу, талаштуу темаларды көтөргөндөн оолак болуп же кыскартып, жумшартып жазганга аргасыз. Дагы канчалык тарбиялап, тартипке салыш керек, жетиштүү эле болду го деп ойлойм. Тескерисинче, өзүн өзү цензуралоо ашыкча болуп кеткендей сезилет".
Жакында эле Freedom House уюму да Кыргызстанды бешинчи ирет эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү. Уюм соңку жылдары өлкөдө саясий укуктар чектелип, саясий оппоненттер куугунтукталып, маалымат каражаттары басымга туш болгонун эскертип келген. Кыргызстандын бийлиги мындай айыптоону четке кагууда.
Шерине