Жаза аткаруу кызматы Кыргызстандагы абактарда криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар башталганын билдирди. Маалыматка караганда, эми “мыйзамдагы ууру” сыяктуу түшүнүктөрдү жайылтууга бөгөт коюлат. Бирок анын так механизмдери айтылган жок. Маселени ичтен билгендер абактардагы криминалдын таасирин толук жок кылуу үчүн алардын бийликтеги, күч органдарындагы байланыштарын үзүү зарылдыгын белгилешет.
Кылмыш
жума 12 Январь 2024
Мамлекеттик мүлк агенттиги Кара-Суу базарын толук алууга аракет кылып жатат. Соттун эки инстанциясында алардын пайдасына өкүм чыкты. Учурда алып-сатуу келишимдерин жокко чыгаруу арызы сотто каралууда. Базаркомдор, жер ээлери муну "рейдерлик басып алуу" аракети катары сыпаттап келет.