Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Иран–Израил жаңжалы: Хаменеи Трамптын сунушун четке какты


Аятолла Али Хаменеи (биринчи планда). Коллаж.
Аятолла Али Хаменеи (биринчи планда). Коллаж.

Иран менен Израилдин бирин бири бутага алган аба соккулары уланууда. 19-июндун таңында Ирандын чабуулунан Израилде оорукана жабыркап, кеминде 40 адам жаракат алды. Өткөн түнү Израилдин авиациясы Ирандын Арак, Натанз жана башка жерлердеги өзөктүк ишканаларына сокку урганын билдирди.

19-июнда эртең менен Иран Израилге ракетадан сокку урганда дүрмөттөр өлкөнүн түштүгүндө орун алган Беэр-Шевадагы оорукананын жанына кулады. Жергиликтүү маалымат каражаттары улуттук медициналык кызматка таянып, бери дегенде 40 киши жабыркаганын, үчөөнүн абалы оор экенин жазышты.

Ирандын чабуулунан Израилдеги оорукана жабыркады.
Ирандын чабуулунан Израилдеги оорукана жабыркады.

"Бул эски имарат болгондуктан биз жакында эле ал жерден адамдарды эвакуациялаган элек. Ракета түз тийген бөлүм ошол учурда бош болчу. Бирок ооруканада бейтаптар жаткан башка бөлүмдөр да жабыркады. Ошол маалда ооруканада болгон 40 адам тең жараат алды. Алардын көпчүлүгү кызматкерлер жана бейтаптар. Алар айнек сыныктарынан, шыптын кулашынан жаракат алышты. Баары биздин тез жардам бөлүмүндө дарыланууда", - деди медициналык борбордун башкы дарыгери Шломи Кодеш.


Ирандык ракеталар Холон жана Рамат-Ган деген жерлерге да тийгени, ал жерде кеминде 25 адам жабыркаганы маалым болду.

Өткөн түнү Иран Израилге 30дан ашык ракета менен сокку урду.

Израилдин президенти Ицхак Герцог жарандык жайлар бутага алынганын кескин айыптады.

Ицхак Герцог.
Ицхак Герцог.

"Чындык мына мындай: бул ооруканага киргениңде, бул жерде жөөттөр менен мусулмандардын бирге тынч жашап, чогуу дарыланып, дүйнөнү чогуу өзгөртүп жатканын көрөсүң. Бул көрүнүш - ушул аймактын келечеги. Бирок ошол келечек үчүн кээде согушка да барууга туура келет".

Түн ичинде Израилдин авиациясы Ирандын Арак, Натанз жана башка жерлериндеги ондогон өзөктүк ишканаларга сокку урганын ЦАХАЛдын (Израилдин куралдуу күчтөрү) басма сөз кызматы кабарлады. Анын алдында Израилдин бийлиги ирандыктарга Арак жана Хондаб шаарларынын кайсы бир райондорунан чыгып кетүүнү эскерткен.

Маалыматтарга караганда, негизги бута Арактагы атомдук реактор болду.

Израил Иранга карата чабуулдарын күчөткөн шартта, шаршемби күнү кечинде өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи кайрылуу жасады.

Ал АКШ президентинин шартсыз баш ийүү талабын четке кагып, Иран таңууланган согушка жана таңууланган тынчтыкка аягына чейин каршылык көрсөтөрүн билдирди.

Аятолла Али Хаменеи
Аятолла Али Хаменеи

"Албетте, бул аймактын саясатын жакшы билгендер үчүн АКШнын бул маселеге кийлигишүүсү толугу менен өзүнө гана зыян алып келерин түшүнүшөт. Анын кесепети Ирандыкынан алда канча оор болот. Эгер Америка бул жерде аскердик кийлигишүүгө барса, анын зыяны кайтарылгыс болуп калары талашсыз".

Шаршембиде кечинде АКШ лидери Иран менен согушуу ниети жок экенин билдирди. Ошол эле кезде Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк курал өндүрүшүнө жолтоо болуу үчүн мындай операцияларды жүргүзүүгө мажбур болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

"Мен деле аралашкым келбейт болчу, бирок 20 жылдан бери, балким андан да узак убактан бери Иранда өзөктүк курал болбошу керектигин айтып келатам. Тегеран документке кол коюшу керек болчу. Азыр алар муну каалап жаткандыр, анткени адилеттүү келишим болчу. Бирок азыр ага кол коюу оор болуп калды. Көп нерсе өзгөрүп кетти. Бирок мен дагы бир ирет кайталайм, Иранда өзөктүк курал болбошу керек. Анткени анын массалык жок кылуучу күчү абдан чоң. Алар аны колдонушат деп ишенем. Башкалар колдонбосо да, алар колдонушат деп ишенем".

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөрүн, андан баш тартпай турганын айтып келет.


13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган.

АКШдагы ирандык активисттер уюштурган бейөкмөт уюм 13-июндан берки Израилдин соккуларынын Иранда 630дөн ашуун адам каза болгонун билдирди. Адардын ичинен 239у жайкын тургун, 126сы аскер, дагы 220сынын ким экени аныктала элек.

Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 26 адам каза болгонун кабарлоодо.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG