Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Жакынкы Чыгыш: Түркмөнстан газын Иран аркылуу экспорттой алабы?


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Түркмөнстан быйыл Иран аркылуу Түркия менен Иракка газ сата баштаган. Иран менен Израилдин жаңжалы коңшу өлкөнүн бул багыттагы экспортуна кандай таасир этет? "Азатлык" радиосу Британиянын Methinks консалтинг компаниясынын энергетикалык коопсуздук боюнча эксперти Жон Робертс менен маектешти.

Түркмөнстан быйыл февралда Түркия менен газ боюнча келишимге кол койгон. Мамлекеттик "Туркменгаз" менен BOTAŞ компанияларынын ортосундагы келишим 1-марттан тартып күчүнө кирген. Ал келишимге ылайык, Иран аркылуу жылына 1,3 миллиард куб метр газ жеткирилиш керек.

Ирак менен түркмөн газын алган дагы бир өлкө өткөн айдан тартып коңшу өлкөдөн газ алууну токтотуу чечимин кабыл алды. 29-майда жарыяланган маалыматта мындай чечимге АКШнын Иранга карата салынган санкциялары себеп болгону айтылат.

Билдирүүдө "газ алмашуунун" жаңы механизми тууралуу сөз болгон. Ага ылайык, Түркмөнстан Ирандын түндүк аймактарына күн сайын 20 миллион куб метр газ берип, ал эми Иран ошол эле көлөмдү Иракка өткөрүп бериши керек болгон. Түркмөн газы болсо Иран ичинде колдонулмак.

Эксперт Жон Робертстин айтымында, Иран менен Израилдин ортосундагы азыркы жаңжал Түркмөнстандын газ транзитине олуттуу коркунуч туудурат. Анын пикиринде, Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерине кол салуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок алар газ түтүктөрүнө да чабуул жасай тургандыгы азырынча белгисиз.

“Бул биринчи жана эң чоң көйгөй. Экинчиси – саясий жагы. Азыр Иран аркылуу транзитке ишенүүгө болобу? Коопсуздуктан тышкары, эл аралык санкциялар да маселени оорлотот. Менимче, Түркмөнстандын бир аз көлөмдө газды Иран аркылуу Түркия же Иракка өткөрүп берүүсү ага деле пайда алып келбейт”, — дейт Робертс.

Робертстин баамында, Түркия түркмөн газына кызыкдар болгону менен аны Иран аркылуу ташууга байланышкан тобокелчиликтерге барууга даяр эмес.

"Түркмөн газын алуу Түркия үчүн пайдалуу болмок, бирок бул өз коопсуздугун тобокелге салууга татыйбы? Жообу — жок. Анан дагы, Түркия Израил менен Ирандын ортосундагы кеңири куралдуу жаңжалга аралашкысы келеби? Бул дагы башкы суроо".

Анын айтымында, бул кырдаалда Ирандын өзүнүн энергетикалык абалы да оорлошу мүмкүн. Мындай шартта газды Иракка алмашуу жолу менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү суроо жаратат. Эксперт Иран өз керектөөсү үчүн түркмөн газын сатып алса болмок деген ойдо, бирок бул саясий жактан Түркмөнстан үчүн пайдалуу эмес. Теориялык жактан алганда, Ашхабад газды түз жеткирүү менен Иранга олуттуу жардам бере алмак, бирок мунун оор кесепеттери бар.

"Ирандагы кырдаал Түркмөнстанды оор абалга алып келди. Азыр өлкө газ экспортун көбөйтүү үчүн кайсы багытты тандарын чечиши керек. Дагы бир жол, бул, албетте, Кытай менен алаканы дагы бекемдеп, бул өлкөгө жеткирүү жолун өздөштүрүү. Бирок бул учурда Кытай ири кардар катары өз шарттарын коет. Түркмөнстан газын коңшуларга, өзгөчө газ тартыштыгы бар Өзбекстанга жана аймактык муктаждыктары бар Казакстанга сатууну да көздөшү мүмкүн. Бул учурда өлкө экспорт көлөмүн беш, балким, 10 миллиард куб метрге чейин көбөйтө алмак. Дагы бир жол, бул, албетте, Транскаспий багыты", — дейт эксперт.

Робертстин айтымында, Түркмөнстан үчүн эң маанилүүсү Кытай менен Орусиядан башка да туруктуу кардар табуу.

"Башкача айтканда, Түркмөнстан түштүктөгү Пакистан менен Индия багытында иштеши керек болот. Бирок бул жеңил эмес. Анткени ал үчүн Ооганстан аркылуу транзит талап кылынат. Демек Талибан өкмөтү менен кызматташтык керек болот. Мындай шартта эл аралык каржылоону тартуу дээрлик мүмкүн эмес. Экинчи жол Батышка карай Каспий аркылуу, Азербайжан аркылуу Түркияга жеткирүү. Бул эң ылайыктуу багыт бойдон калууда", — дейт Робертс.

Эксперт бул багыт саясий жактан да маанилүү экенин, анткени Транскаспий жолу Орусияны айланып өтүп, Кытай, Казакстан жана Каспий деңизи аркылуу Европага чейин жетерин белгиледи.

Ушу күнгө чейин Ашхабад регионалдык кызматташтыкка артыкчылык бербегени менен Ирандагы азыркы кырдаал Түркмөнстан үчүн мына ошондой багытка көңүл бурууга түрткү болушу мүмкүн.

"Таң калычтуусу, Түркмөнстан дагы деле регионалдык мамилеге анча маани бербей келет. Ага бул багытта кыйла активдүү болуу керек. Азырынча Өзбекстан Түркмөнстандан газ алууга даяр. Бирок Ирандагы соңку кырдаал Түркмөнстандын да бул маселеде мамилесин өзгөртүшү мүмкүн", — дейт эксперт.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк объектилерине, аскерий базаларына жана турак жайларына чабуул койгондон кийин башталган эки өлкө ортосундагы аба соккулары уланып жатат.

Бул жаңжалга байланыштуу Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп реакция жасап, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө өлкө кайсы бир маселени чечүүдө күч колдонууга же аны колдонуу менен коркутууга каршы экени, талаштар тынчтык жолу менен, БУУнун Уставы жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери негизинде чечилиши керек экени белгиленген.

Түркмөнстан дүйнөдө жаратылыш газынын эң ири экспорттоочуларынын бири.

Шерине

XS
SM
MD
LG