Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

"Тергөөсүз камаганы–кыйноо". Рита Карасартованын сотуна айыптоочу тарап келген жок


Рита Карасартова сотто. Бишкек. 19-июнь, 2025-жыл.
Рита Карасартова сотто. Бишкек. 19-июнь, 2025-жыл.

19-июнь күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча отурум тергөөчү жана прокурор келбегендиктен башка күнгө калды.

Процесске тергөөчү менен прокурор келген жок. Карасартова журналисттерге тергөө иши жүрбөгөнүн айтып, нааразылыгын билдирди.

Сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, адвокаттар тартипке чакырылары эскертилди

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 19-июнда активист, укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча адвокаттардын арызы каралмак. Анда укук коргоочунун кармалышы мыйзамсыз болгону тууралуу арыз, тергөө абагына камалгандан кийин тергөө иштери жүрбөй жатканы боюнча жалпы алты арыз бар.

19-июндагы сот жараянына тергөөчүлөр жана прокурор келишкен жок. Судья Адил Жаныбек уулу арыздарды кароону кийинкиге жылдырууну сунуштады.

Рита Карасартованын адвокаттары Самат Матцаков менен Асел Аргынбаева тергөөчүлөр менен прокуратура өкүлдөрүнүн сотко келүүсү камсыздалбаганы үчүн судьяга дээрлик ар бир арызды кароо боюнча ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Жыйынтыгында судьяга төрт ирет ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, төрт жолу тең судья өтүнүчтү четке какты. Судья өзү дагы адвокаттардын ишмердүүлүгү боюнча тийиштүү жактарга жеке аныктама менен кайрыларын билдирип, тараптар кайым айтыша кетишти.

Натыйжада Рита Карасартованын иши боюнча бардык арыздарды кароо 27-июнга калды.

Адвокат Самат Матцаковдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча сотко берилген алты арыздын дээрлик бардыгы тергөөчүлөрдүн иши боюнча.

Адвокат Самат Матцаков
Адвокат Самат Матцаков

"Рита Карасартова кармалгандан кийин тергөөчүлөрдүн 1-майдан 9-майга чейинки, экинчи арыз 9-майдан 19-майга чейинки убакта иш алып барбаганы боюнча арыз бергенбиз. Бул аралыкта, андан бери дагы убакытта тергөө иши жүрбөгөнүнө байланыштуу арыздар каралышы керек болчу. Өзүңүздөр көрүп тургандай, сотко тергөөчүлөр да, мамлекеттик айыптоочу тарап - прокуратура өкүлдөрү да келишкен жок. Нөөмөтчү прокурор да катышкан жок. Иш учурунда кайда жүргөнүн тактап, тастыктоо жана алардын сот жараянына катышуусун камсыздоо соттун иши. Ошондуктан биз судья Адил Жаныбек уулуна ишеним көрсөтпөө боюнча бир нече жолу өтүнүч бердик", - деди Самат Матцаков.

Тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразылыгын укук коргоочу Рита Карасартова да сот залындагы темир тордун артынан журналисттерге айтып үлгүрдү:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Мени Тилекмат Куренов менен байланыштырып кармашкандан бери эки ай өттү. Андан бери Тилекматтын өзүн да алып келишти. Бирок бир да жолу тергөөчүлөр мени сурашкан жок, эч ким менен бетме-бет келиштирип суроо да болгон жок. Жөн эле сыз, ысык тергөө абагында кармап отуруу - кыйноо менен барабар. Муну "эсине келсин" деп тарбиялоо деп түшүнөбүзбү, билбейм. Мен үчүн бул кыйноого барабар. Азыр күн кандай ысып жатат, билесиздер. Он беш чарчы метр камерада, ысыкта дем жетпей отуруу кыйноого барабар".

Адвокаттардын жана укук коргоочунун тергөө иштерине нааразылыктары боюнча Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

"Ысыктан автозакта эс-учун жоготкондор болууда"

Рита Карасартова күн ысып жаткан чакта тергөө абагында аялдар көптүгүн, дем болуп, аба жетпей жатканы тууралуу да айтты. Ал ошондой эле сотко жеткирип, кайра алып кеткен жолдо да эшик-терезелерди ачууга уруксат жоктугунан ысыкта эс-учун жоготкондор болгонун билдирди:

"Бизди кайтаруучулардын машинеси аябай ысык, эрежеге ылайык, унаанын эшик-терезесин ачканга уруксат жок экен. Жолдогу тыгында туруп калабыз. Тергөө абагынын короосуна болгону эки машине гана кирүүсүнө уруксат берилет экен, көп күтүп калып жатабыз. Өткөндө бир кыз эс-учун жоготуп, кыйналды. Ысыкта жок дегенде унаанын терезесин ачууга уруксат берилсин деген өтүнүч менен Жаза аткаруу кызматына кат жазып кайрылдык. Азырынча жооп жок".

Карасартова тергөө абагында кармалып тургандарга туугандары менен кат же телефон аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүк берилбесин айтып, бул адам укугун бузууга жатарын белгиледи.

Укук коргоочунун бул дооматына байланыштуу "Азаттык" Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка кайрылды. Азырынча сурообуз жоопсуз турат.


Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган.

10-июнда райондук сот Карасартованын абактагы мөөнөтүн 12-июлга чейин узарткан чечим чыгарган.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.


Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG