“Бир айыл - бир продукт” долбоорунун алкагында Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган жигердүү жарандар чакан ишкерликти башташууда. Бири чучукту ыштап, сый тамактын жаңы түрүн жасап жатса, башкасы сүзмөнү түрдүү өсүмдүктөрдүн аралашмасы менен кайнатып, кыям чыгарууда.
Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы чыккан “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери 12-июнда Бишкектеги Горький гүл багында нааразычылык акциясына чыгышты.
Кыргызстанда 1-июлдан баштап бардык соода иштеринде милдеттүү түрдө ККМ колдонулушу керек.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын билдирди. Жүздөгөн жарандары миграцияда жүргөн Кыргызстанда эмнеге жумушчу күчү жетишпей жатат?
Жогорку Кеңеште сүттүн баасына байланыштуу маселе дагы көтөрүлдү. Парламенттин соңку жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев өкмөт сүттүн баасын 40 сомдон кем болбосун деген шарт каралган токтомду аткарбай жатканын айтып, келерки аптада буга байланыштуу талкуу уюштурууну сунуштады.
Улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги "Беш-Сары" соода жайынын ээси, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу, кош бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүү фактысына шек саналып кармалганын билдирди.
Кыргызстандын өз жарандары тышка иш издеп кетип жаткан чакта башка өлкөлөрдөн Ала Тоого арбын акча табууну көздөп келген мигранттардын агымы көбөйүүдө. Алардын көбү Пакистан, Бангладеш, Шри-Ланка жана Филиппинден келүүдө.
Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын саны өсүп жатканы айтылууда.
Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда картөшкө айдоону азайтып, кызылча эгүүгө басым жасаларын билдирди. Айрым адистер бул көл кылаасынын экологиясына кесепетин тийгизерин эскертүүдө.
Кыргыз өкмөтү эки-үч айдан бери ири базарлардагы ижара акысын төмөндөтүүгө мажбур кылган иш-аракеттерди көрүп жатат. Укук коргоо органдары каш каккан айрым ишкерлерге кылмыш ишин ачып, соода жайларын мамлекетке өткөрүп алды.
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) катышууну каалагандарга үлүштүк турак жай курулуш программасынын шартын жарыялады. Анын негизинде мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар дагы арзан ипотекага үй алса болорун билдирди. Азырынча өкмөт бул программаны жүзөгө ашыруу жол-жобосун толук иштеп чыга элек.
Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур.
Дагы жүктөңүз