Ошто касапкана ээлери иш ташташты. Алар буга акыркы убакта коюлуп жаткан талаптар негизсиз жана оор экенин жүйө келтиришүүдө.
Евразия Экономикалык Биримдигинин беш жылдыгы Казакстандын борборунда белгиленип жатат.
Аягы көрүнбөгөн узун кезектер, сапатсыз эттин айынан аларман менен сатуучунун ортосунда бүтпөгөн кайым айтышуулар – ушул күндөрү ордо калаа Дүйшөмбү шаарындагы дээрлик ар бир эт дүкөнүндө мына ушундай көрүнүш бар.
"Азаттык+" берүүсү бул жолу Ош базарындагы сатуучулардын жай турмушун чагылдырды.
Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын Анжиян облусунан жана Ташкент шаарынан келген ишкер аялдардын форуму өттү.
Орусия бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да акча которуунун көлөмүнө чектөө киргизди.
Бишкекте «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери беш күндөн бери базарда түнөп, иштеген жерин кайтарып жатат. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги бул жерге соода борборун куруу пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тарта базарды жапкан.
Памирлик кыргыздар Ооганстандан Нарынга келгенине эки жылдай болуп калды. Алардын балдары билим алуусун улантып жатышат. Ал эми чоңдору күнүмдүк тиричиликте өз оокатын жөндөп калышты.
Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө тогуз сомго чыкканын айтты. Бирок министрдин сөзү менен дыйкандардын абалы коошпойт. Мисалы, картөшкөнүн мекени саналган Кочкордо анын баасы тыйынга да арзыбай, чирип, талаага тонналап ыргытылып жатат.
2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.
Депутаттар бажыдагы аткезчиликти текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.
Дагы жүктөңүз