Айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө тогуз сомго чыкканын айтты. Бирок министрдин сөзү менен дыйкандардын абалы коошпойт. Мисалы, картөшкөнүн мекени саналган Кочкордо анын баасы тыйынга да арзыбай, чирип, талаага тонналап ыргытылып жатат.
2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.
Депутаттар бажыдагы аткезчиликти текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.
Орусиянын мурда берген 200 миллион доллар жардамынын эсебин тактоо демилгеси көтөрүлдү.
Бишкектин Орто-Сай базарынын соодагерлери жер салыгынын көтөрүлүшүнө нааразы. Алардын айтымында, акыркы төрт жылда салыктын өлчөмү эки эсе көтөрүлгөнү менен базардын шарты оңолгон эмес. Кардарлар жоктугун айткан соодагерлер Жогорку Кеңештин депутаттарына жардам сурап кайрылышты. Базар ээлери мындай
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок деп эсептейт. Ал мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу жыйында билдирди.
Баткендиктер Тажикстандан кирген азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып чыгышты. Облус аймагындагы соода жайларда кошуна өлкөдөн алынып келинген эт жана сүт азыктары, өсүмдүк майы сатылат. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары бул товарлардын сапаты көзөмөлгө алынбай жатат деген ойдо.
Ушу тапта кыргызстандык дыйкандардын 200 миң тоннадай картөшкөсү кампадан чыкпай турат.
Кыргызстан «ВСП+» системасын колдонууга уруксат алгандан бери Европага экспорту эки эсе өстү.
Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешесине дээрлик 6,5 миллиард сом чогулбай калды.
“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.
Ысык-Көлдө картошканын баасы чыкпай, дыйкандардын эмгеги күйүп жатат. Айрымдары үмүтүн үзүп, аштыгын текейден арзан баага берип жатса, башкалары дагы эле илгери үмүт менен тонналаган түшүмдү жазга сактап турушат. Өкмөт өкүлдөрү картошканын баасы тууралуу азырынча жарытылуу деле кеп кылган жери жок.
Дагы жүктөңүз