Мектепте 42 жыл мугалим болуп иштеген Ибрагим Каримжанов гүл бизнесин түптөдү. Ага англис, немис тилинен сабак бергени бизнес баштоодо дагы пайдасын тийгизген экен. Тоолуу Арстанбапта күнөскана куруп, боз үй тиккен мугалим жайкысын туристтерди тосуп, гид болуп иштейт.
Былтыр жaйкысын Германияда иштеп келген студенттер укугу бузулуп, айлык акысын толук албаганын айтып чыгышты.
Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жүрбөй, жер-жемиштер чирип, соодагерлер базарга чыкпай жатат. Соодагерлер жергиликтүү бийлик берген убадасына туруп, маршуруттук каттамдарды базардын айланасына коюп,
“Азаттык” эл аралык иликтөөчү журналисттердин материалында Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүүгө жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагышты.
Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев төө буурчактан порошок жана паста даярдайт.
Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жакшы болбой, жер-жемиштер чирип жатат. Соодагерлер жергиликтүү бийлик борбордук базардагылардын муниципалдык катарын толук көчүрүп келишин талап кылышууда. Бийлик базар ишке кирип кетсе казынага 45 миллион сом түшөт деп болжоп жатат.
Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылынын тургуну Нурлан Кадыров бийик тоолуу аймакта картошканын үрөөнүн өндүргөн дыйкан катары таанымал боло алды. Ал эки жылдан бери бир тонна картошкадан 30 эсеге чейин түшүм алып, айылдаштарына таратып жатат.
Бакай-Ата районундагы багбандар кара өрүктү (кайналы) кургатып сата баштады.Түшүмү мол өрүктүн баасы күздө 10 сом болсо, кургатылгандан кийин килограммы 90 сомдон жогору болот.
Таласта дыйкандар чакан чарбактарга ашкабак эгип, андан мол киреше табууда. Ашкабактын данегин Жапонияга экспорттошуп, төө буурчакка караганда түйшүгү аз экенин айтышууда. Дыйкандардын эмгегинен кабарчыбыз кабар алып келди.
Мунун себеби бири-бирине байланыштуу.
Дагы жүктөңүз