Сузактын 25 жаштагы тургуну Муслим Балтабаев коён кармап, өлкөнүн баардык аймактарына сатат. Азыр короосунда 80дей коён бар. Шалпаң кулактардын эң кымбаты 40 миң сомдун тегерегинде
Мээргүл Каракозиева Ош шаарында өзгөчө конок үйүн ачкан. Мээргүлдүн мээрим чачкан мейманканасына "Азаттыктын" кабарчысы барып келди.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенине байланыштуу “Центерра Голд” компаниясына койгон дооматтарды эл аралык арбитраждык сотто далилдей алат. Бул тууралуу Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Кыргызстанда балчылык жана аары кармоо акыркы мезгилде бизнестин бир түрүнө айланып, ага кызыккандар көбөйүүдө. Алардын бири аксылык кайната менен келин Авлетим жайлоосунда тоо башында он жылдан бери балчылык менен алектенет. Өлкөдө жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт.
Кочкор айылынын тургуну Дөөлөтбек Алмазбеков бир нече жылдан бери форель багып келет. Ишкер жылына 60 тоннага жакын балык өстүрөт. Учурда форелдерди атайын фирмалар менен келишим түзүп чет өлкөгө сатат. Акыркы жылдары айыл жерлеринде балык чарбасын уюштуруп, иштин көзүн тапкандар арбыды.
15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү өттү. "Мен көчмөнмүн" деп аталган көргөзмөнүн максаты - Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү.
Ташкул Керексизовдун кийинки планы - АКШнын Манасташ тоосунда Айтматов айыл же театр куруу.
Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын" жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү.
Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты - Орзубек Назаров спорттогу карьерасын баяндаган китеп жазды. “Кайрадан таймаш...” деп аталган китеп эки тилде жарык көрдү.
Чаткалдык Сагынбай Салибаев үй-бүлөсү менен ээр чабат. Жубайлар мээнет менен табылган акчага 7 баласын багып келишет. Өкмөткө салмагын салбай, өз тирилигин өзү өнөр аркасы менен багып, камсыздап келаткан үй-бүлөнүн жашоосу көптөргө үлгү.
Дагы жүктөңүз