Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын" жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү.
Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты - Орзубек Назаров спорттогу карьерасын баяндаган китеп жазды. “Кайрадан таймаш...” деп аталган китеп эки тилде жарык көрдү.
Чаткалдык Сагынбай Салибаев үй-бүлөсү менен ээр чабат. Жубайлар мээнет менен табылган акчага 7 баласын багып келишет. Өкмөткө салмагын салбай, өз тирилигин өзү өнөр аркасы менен багып, камсыздап келаткан үй-бүлөнүн жашоосу көптөргө үлгү.
Эрулан Кокулов “Не сахар” долбоору менен базарларда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды, санитардык талапка жооп бербеген тамак-аш даярдалуучу жайларды аныктап, видеого тартып коомчулукка жарыялайт. Кокулов “Азаттыкка” маек куруп, товар керектөөчүлөрдүн укугу, мамлекеттин кайдыгерлиги жөнүндө айтты.
Ошто зергерлер ассоциациясы түзүлүп, аны Надырбек Момунбаев жетектейт. Колунан көөрү төгүлгөн чебер бул өнөрдүн сырын жана кантип өнүктүрсө болорун айтып берди.
«Азаттыктын» бүгүнкү коногу - Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов.Ал Кыргызстанга четтен капитал тартуунун оош-кыйышына, инвесторлордун коопсуздугуна, Конституциянын жаңы долбооруна байланышкан бир катар суроолорго жооп берди.
Кыргызстанда бензиндин литринин баасы 50 сомдон, дизель 45 сомдон ашып, кымбатташы мүмкүн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, анын беш себебин атады.
Тажикстанда машина айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баа Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө. Алар көйгөй чечилмейинче бензинди чектелген көлөмдө гана сатышарын айтышат.
Кыргызстанда “Ишкер аялды колдо” деген ат менен өнөктүк башталды. Анын максаты - ишкерликке ынтызар аялдардын бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу болуп эсептелет.
Дагы жүктөңүз