Былтыр жаш ишкер пандемия шартында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын чекесинде чакан цех ачкан. Мурда мээлей, көйнөк, шым тигип көнгөн эжелер эми ич кийим тигүүгө адистешти. Элина Глазунова өзү кыялданып жүргөн ишти баштаган. Бир жылда эле өндүрүш экспортко ылайыкталган брендге айланды. Азыр ал өз колунан чыккан ич кийимдерди Орусияга, Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатат.
Кыргызстанга келген инвесторлор дайыма эле мамлекеттик органдар тарабынан корголо бербейт.
Жалал-Абадда соңку жылдары туристтик компаниялар көбөйө баштады. Алар облустун кооз жерлерин кыдыртып көрсөткөнү үчүн акча алат. Ички туризим жандангандан бери кооз жаратылышы менен таанымал Сары-Челек коругунда эс алуучулар көбөйгөн.
Аксы районундагы Аркыт токой чарбасынын балчылары Кара-Суу айыл аймагына караштуу Миң-Бугу, Түрдүк, Кум-Бел жайлоорунан бал жыйнашат. Өткөн жылы бал жакшы топтолгон эмес. Быйыл болсо алда канча кирешелүү болуп жатыптыр. Балчылардын турмушун кабарчыбыз Талгат Абжалил уулу көрүп келген.
30 жаштагы Бегимжан Молдобаева өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачты. Учурда ал ишкердикти ата-энеси менен чогуу жүргүзүп, тогуз кишини иш орун менен камсыз кылды.
Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттардын (БАЭ) бир катар ири компанияларынын жетекчилери иш сапар менен келип кетти. Алар Кыргызстанга энергетика тармагында инвестиция салары кабарланды. Бул ортодо президент Садыр Жапаров жакын арада эмираттарга барары айтылды.
28-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда МИСТЕLAND аталышында мисте фестивалы өттү. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу.
Нарында “Шырдак” фестивалы онунчу ирет өттү. Эл аралык деп айтылган бул иш-чарада 7 облустун уздарынын кол эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууну көздөгөн бул фестивалга чет өлкөлүк туристтер келгени менен кол өнөрчүлөрдүн соодасы анчейин кызыган жок.
Кара-Булуң айылынын тургундары "Ат-Башыда жашылча бышпайт" деген көз карашты бузушту. Азыр бул айылдагы 30дай аял тамаркага помидор, бадыраң, капуста сыяктуу жашылчанын түрүн айдап, түшүмүн жыйнап жаткан учур.
Турганбүбү Океева Ат-Башынын Босого жайлоосуна туристтер үчүн мейманкана ачып кызмат көрсөтүп жатат. Өзгөчө конок үйлөрдү тоолуктар жаңылык катары кабыл алышууда. Акыркы жылдары Ат-Башыда ички туризм да өнүгө баштады.
Дагы жүктөңүз