Ысык-Көлдө кулагы укпай, сүйлөй албаган эки дос жеке эмерек цехинде иштеп жатат. Алардын колунан жаралган эмгектер көл жээгиндеги мыкты эс алуу жайлары жана ири пансионаттарга коюлат.
Кайналыны кургатып, сатуу менен ишкерлик кылган Аксынын тургундары район аймагына кайра иштетүүчү цех курулса дешет. Анткени райондо кара өрүктү экспортко даярдоо жагы жолго коюлган эмес. Азыркы тапта кара өрүктү кургатуу иштери эми гана башталды.
Жыл башынан бери Кыргызстанга кирген жана андан чыккан түз инвестициялар эки эсе азайды.
Ош шаарында жана анын тегерегинде жайгашкан тойканалардын ээлери басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Ишкерлер адатта Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соодасы зыян тартып жатканын айтышууда.
Кыргызстандагы аялдардын 64% айыл жерлеринде жашайт жана алардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу катмар. Бирок элеттик кыз-келиндерди жумушка тартууда дагы эле кыйынчылыктар көп.
Ира Чоткараева - Боом капчыгайына кире бериштеги айтылуу “Апамдын сүт чайы” же “Апамдын каттамасы” деген брендди баштоочулардын бири. Ал бала-чакасы менен ушул жактан нан таап жегенине 15 жылдын жүзү болду.
Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 1-сентябрда парламенттин алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.
Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлады.
Сандан сапатка өтүүнү көздөгөн Урмат Акунов “Голштино” тукумундагы уйларды сатып алып чарбасын кеңейтүүдө. Ал короосунда көп жылдан бери багып жүргөн кадимки уйларын сатып, ага кошумча төрт жарым миллион сомду банктан насыяга алып, асыл тукум уйларды өткөн жылы сатып алган. Банктан алган акчага сарайларын оңдоп, тоют топтоо үчүн техникаларды алган.
Пандемияда түзүлгөн кырдаал айрымдарды жумушсуз калтырса, кээ бирөөлөрдү жаңыча изденип, жаңы идеяларды ишке ашырууга түрттү.
Дагы жүктөңүз