Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Чек арадагы чектөө сооданы солгундатты


Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекети аркылуу жүк ташыган машинелер. "Азаттыктын" архиви.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекети аркылуу жүк ташыган машинелер. "Азаттыктын" архиви.

Коронавирус пандемиясынан улам ушул жылдын башында жабылган кыргыз-кытай чек арасы толук ачыла элек. Кыргызстанда Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соода солгундады.

«Дордой» базарында кытай товарларын саткан тилкедеги сатуучулардын иши солгун жүрүп жатат. Аталган базардын сатуучусу Элиза Алымбаева былтыркыдан арткан товарларды сатып, жаңы буюмдарды алдыра албай жатканын айтты:

«Дордой» базарында соода солгундады.
«Дордой» базарында соода солгундады.

«Биз «Дордой базарындагы дээрлик 80-90% ишкерлер реэкспорт менен иштейбиз. Кытай эле эмес, коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын чек аралары жабык болгондуктан иштей албай калдык. Карантин убагында базар жабык турду. Адатта, биз мезгилге жараша товарларга жарым жыл мурун буюртма беребиз. Мисалы, кышкы кийимдерди алып келиш үчүн жазында кам көрдүк эле. Эми ал товарларды алып келе албай жатабыз. Колубузда мурунку жылдан калган товарлар эле турат. Алар деле өтө элек".

Элиза Алымбаева «Дордойдо» ондогон сатуучу ушул тапта ишсиз калганын билдирди.

Ишкерлердин коронавирус пандемиясы башталганга чейин Кытайдан жазгы мезгил үчүн алып келген товарлары да өтпөй турат. Өлкөгө жарыяланган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жазгы кийимдер өтпөй калганы аз келгенсип, туристтик сезон болбой, жайкы кийимдер да сатылган эмес. Мектептерде окуу онлайн болгондуктан, окуучулардын кийимдери да сатылбай калды.

Дээрлик 100% товар Кытайдан импорттолуп келген «Мадина» базарында да соода солгун.

Кыргызстан Кытайдан негизинен электроникалык техниканы, курулуш материалдарын, текстиль товарларын алып келет.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» бажы бекеттери февраль айында убактылуу жабылган. «Эркечтам» бекети кыргыз тараптын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жанданткан.

Ал эми «Торугарт» бекетинин ишин калыбына келтирүү маселеси июнь айынын башында талкууланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бекет 8-июндан тартып ишке кирерин жарыя кылган. Бирок өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бекеттин иши кайра токтотулган.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал турукташа баштагандан бери бул маселе кайра көтөрүлүп, кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирген.

ТИМдин маалыматы боюнча «Торугарт» бекети 8-сентябрдан тартып ачылып, иштей баштады. Бирок коронавирус коркунучунан улам кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан эки бекетте тең чектөөлөр бар.

Пандемия «Дордойдун» шайын оодарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00

Бирок чек ара ачылганы менен иш мурункудай күжүлдөп жүрүп кеткен жок. Маселен, «Эркечтам» бекетинен бир күндө 30га жетпеген фура кирип чыгышы мүмкүн. Айдоочулар бирикмесинин төрагасы Набир Токторов чектөөлөр тууралуу буларды айтты:

«Эркечтам» бажы бекетиндеги онлайн камера.
«Эркечтам» бажы бекетиндеги онлайн камера.

«Фуралардын эшик-терезесине пломбалар коюлат. Айдоочу машинеден түшпөйт. Кытай менен Кыргызстандын бейтарап зонасынан КамАЗдардын чиркемелери гана алмашылып, товар ташылууда».

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 19-августта Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Тараптар чек арадагы «Торугарт» бажы бекетинин ишин калыбына келтирүү, Кыргызстандагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытайлык адистердин келиши жана Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоо маселелерин талкуулашкан эле.

Тышкы иштер боюнча эксперт Аскар Бешимов кыргыз-кытай чек арасы толук ачылбай жатышынын себеби тууралуу ой бөлүштү:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Муну өкмөттүн чабалдыгы же эрксиздиги деп айтууга болбойт. Бул алардын аракетсиздигинен жана кайдыгерлигинен улам болуп жатат. Анткени, парламенттин шайлоодон кийин өкмөт алмашат. Алар ошого карап кайдыгер мамиле кылып жатат. Болбосо, учурда Казакстандагы «Хоргос» толук иштеп жатат. «Торугартты» эмнеге ошондой иштетсе болбосун?».

Жыл башынан бери Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү кескин азайган. Көрсөткүчтөр Бээжиндин эсеби менен 52%, Бишкектин санагы менен 39% кемиди. Бул тенденция башка жагдайлар сыяктуу эле коронавирус пандемиясы менен байланыштуу экени айтылууда. Ошол эле кезде айрым өлкөлөрдүн Кытай менен соода-сатыгы тескерисинче көбөйгөнүн статистикадан улам байкоого болот.

XS
SM
MD
LG