Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынын тургундары балык чарбасы менен алектенип келет. Аталган айыл райондон 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул жерде эки жылдан бери эс алуу базасы иштеп жатат. Тоо коюнунда, булак суусуна багылган балык үчүн жайкысын атайын келгендер арбын.
Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Өкмөт банктардан насыя алган адамдарды колдош үчүн бир миллиард 200 миллион сом бөлүп бермей болду.
«Орто-Сай» базарында 9-ноябрга караган түнү өрт чыкты.
Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду.
Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.
«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун өлкөнүн негизги аба майданына байланыштуу бизнеси бар.
“Дордой” базарындагы соодагерлер салык төлөөдөн баш тарта турганын айта башташты.
Айчүрөк Абдалиева Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну. Ал жаратылышы катаал бул аймакка быйыл жашылча-жемиштин түрүн айдап, айылга жаңылык киргизди. Негизинен мал чарбасына басым жасаган атбашылыктар дыйканчылыкка көп көңүл бурушпайт деле. Бирок Абдалиева жайлата тер төгүп, помидор, бадыра
Жерди да туура иштетүүнүн арты менен жакшы киреше тапса болот. Сузак районунун дыйкандары кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын жолго кое баштады. Атабеков, Ырыс жана Сузак айыл аймагынын дыйкандары азыркы тапта кулпунайдын күзгү теримин баштады. Элеттеги эпчил дыйкандар тууралуу видео тасма.
Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллар 81 сом 95 тыйындан сатылып жатат. Чет элдик валютанын кымбаттап жатышы базардагы баага да таасир этүүдө.
Дагы жүктөңүз