Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Соодагерлерди сызга отургузган өрт


«Орто-Сай» базарында 9-ноябрга түнү өрт чыкты.
«Орто-Сай» базарында 9-ноябрга түнү өрт чыкты.

Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады.

Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду. Бишкекте буга чейин да Ош базары бир нече жолу өрттөнгөн. Акыркы окуя базарлардагы коопсуздук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

Ольга Мин өрттөнүп кеткен имаратта кийим тигүүчү цех иштетчү. 9-ноябрга караган түнү «Орто-Сай» базарында чыккан өрт цехте бүгүн-эртең ээлерине тапшырылганы калган кийим-кечеден тартып бардык тигүүчү машинелерди күйгүзүп кетти.

«Цехтеги машинелерди, кездеме, даяр товарларды кошкондо болжол менен 50-60 миң доллар чыгым болду. Биздин тигүүчү машинелер аябай кымбат болчу. Анын үстүнө күйүп кеткен товарлардын баары кардарлардыкы эле», - деди ал.

Ольга Миндин тигүү цехи өрттөн кийин. 9-ноябрь, 2020-жыл.
Ольга Миндин тигүү цехи өрттөн кийин. 9-ноябрь, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өрт саат 00:18де базардын Сүйөркулов көчөсүнө жакын тарабында башталган.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү беш машине барган. Саат 02:16да өрт чектөөгө алынып, эртең мененки саат 8:55де толук өчүрүлдү. Өрт алган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түзүүдө. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.

Ольга Миндин цехи өрт чалган имараттын экинчи кабатында. Ага танапташ жайгашкан бөлмөдө Айдай Бакытова тиричилик техникасын жана күнүмдүк керектөөчү товарларды сатчу. Анын баары тең өрттөнүп, имараттын экинчи кабаты толугу менен күйүп кетти.

«Мен кечээ гана «Жунхайдан» жаңы товарларды сатып келгем. Канча сомго эмнелерди алгам - тизмеси да бар. Бул жерде болжол менен эки миллион сомдон ашык каражаттын товары бар болчу. Кечээ алып келген буюмдардыкын кошкондо канча болуп кетерин билбей турам», - деп отурат ал.

Өрттөн улам ишкерлер канча зыян тартканы эсептелип жатат. Мындан тышкары өрт чыккан соода имаратынын биринчи кабатында он чакты киши соода-сатык кылат. Алар кийим-кече жана азык-түлүк сатышат. Алардын да товары күлгө айланып эмне кыларын билбей турушат.

Элмира Көчөрованын өрттөнүп кеткен дүкөнү. 9-ноябрь, 2020-жыл.
Элмира Көчөрованын өрттөнүп кеткен дүкөнү. 9-ноябрь, 2020-жыл.

«Мен тамеки, ичимдик, таттуу, азык-түлүк сатам. Менде товардын бардык түрү бар болчу. Жайлата пандемия деп базар жабылып, эми гана кыбырап иштей баштаганда ушинтип отуруп калдык. Өрттөнүп кеткен жер качан оңдолуп, качан жумуш баштайбыз, белгисиз», - деди соодагер Элмира Көчөрова.

«Орто-Сай» базарындагы өрт Бишкек шаарындагы ири базарлардагы өрт коопсуздугуна байланыштуу маселени козгоду. Калаада Ош базарында эле акыркы эки жылда беш жолу өрт чыгып, соодагерлер чыгымга учураган.

Өрт коопсуздугу боюнча адистер базарларда дүкөндөр чаржайыт жайгашып, коопсуздук эрежелери такыр сакталбаганын сындап жүрүшөт. Кырсык болуп кетсе автоунаа кирчү жолдор да жок экени айтылып эле жүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улукбек Ормонов Ош базарында чыккан өрттөн кийин эле шаардык бийлик коопсуздук чараларын күчөтүшү керек болчу деген оюн айтты:

«Кыргызстандагы бардык эле базарларда өрт чыгып кетсе өрт өчүрүүчү машине базарга кире албайт. Шарт түзүлгөн эмес. Муну бардыгы билет. Бирок ушул күнгө чейин чара көрүлө элек. Экинчиси - ишкерлер мүлкүн камсыздандырышы зарыл. Тиешелүү мыйзам бар. Ошого карабай мүлк ээлери ушуну көңүлгө албай жүрүшөт. «Чыгымга учурадык» деп жатышат. Эгерде мүлкүн камсыздандырып коюшканда мамлекеттен колдоо алат эле».

«Орто-Сай» базары. 9-ноябрь, 2020-жыл.
«Орто-Сай» базары. 9-ноябрь, 2020-жыл.

«Орто-Сай» - калаанын ортосунда жайгашкан, кийим-кечек жана азык-түлүк сатылган чоң базарлардын бири.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10 айында өлкөдө жалпысынан 2 045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди.

Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

XS
SM
MD
LG