Кыргызстан былтыр 26 тонна таза алтын өндүрдү. Бул өлкө эгемендик алгандан берки эң чоң көрсөткүч.
Көмүскө экономиканын деңгээли расмий маалымат боюнча ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзүүдө.
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат.
Акыркы күндөрү Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Орусия менен Беларустун мунайга байланышкан мамилелери, казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал бул уюмдун тегерегиндеги талкууга кайрадан жем таштады.
Өзбекстанда «Абу Сахий» базарынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Учурда базарды бир нече мамлекеттик орган ар тараптан текшерип жатат.
Ат-Башы районунун тургундары "чек арага жакын жерге соода-логистикалык борбор курулса, Кытай жерди тартып алат" деп чочулашууда.
Өткөн дем алыштан тарта кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" автожол өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду.
Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.
2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты.
"Аселим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Алымбаева өкмөттөн бөлүнчү жеңилдетилген насыяны ала албай койгонуна даттанды. 2019-жылдын башында өкмөт аймактардагы инвестициялык бизнес долбоорлорду каржылоого 2 млрд. сом бөлгөн.
Аймактарды өнүктүрүү үчүн элеттик ишкерлерге бөлүнгөн насыя кечигип, дарегине жетпей жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.
Узап бараткан жылда Кыргызстандын экономикасында кандай тенденциялар байкалды?
Дагы жүктөңүз