Өзбекстанда «Абу Сахий» базарынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Учурда базарды бир нече мамлекеттик орган ар тараптан текшерип жатат.
Ат-Башы районунун тургундары "чек арага жакын жерге соода-логистикалык борбор курулса, Кытай жерди тартып алат" деп чочулашууда.
Өткөн дем алыштан тарта кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" автожол өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду.
Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.
2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты.
"Аселим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Алымбаева өкмөттөн бөлүнчү жеңилдетилген насыяны ала албай койгонуна даттанды. 2019-жылдын башында өкмөт аймактардагы инвестициялык бизнес долбоорлорду каржылоого 2 млрд. сом бөлгөн.
Аймактарды өнүктүрүү үчүн элеттик ишкерлерге бөлүнгөн насыя кечигип, дарегине жетпей жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.
Узап бараткан жылда Кыргызстандын экономикасында кандай тенденциялар байкалды?
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.
Орусиянын Челябинск облусунда иштеген 42 жаштагы фермер Жамбул Айтпаев айыл чарба кооперативин түзгөн. Күнүгө ишкананын кызматкерлери элеттиктерден сүт чогултуп, аны андан ары сүт иштеткен комбинатка өткөрүшөт.
Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылындагы аялдар бычуу, тигүү, токуу чеберчилигине каныгып, жасаган буюм-тайымдарын Интернет аркылуу сатып,пайда табуу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.
Кыргызстанды дүйнө элине тааныткан жер жөнүндөгү тасманы сунуш кылайын. Түштүктө Жер планетасындагы эң ири жана кооз жаңгак токою - Арстанбап жайгашкан.
Дагы жүктөңүз